Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Башкы прокуратура Бакиевдерди эстеди


Мурдагы президент Курманбек Бакиев. Минск, 2-март, 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Кыргызстандагы интернет-сайтка чыккан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусун териштирүүнү суранып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылды.

Бакиевдин кыргызстандыктарга багыттаган чуулуу кайрылуусу анын эл алдында өзүн актоо жана реабилитация кылуу аракети катары бааланды. Ал арада Башкы прокуратура да Бакиевдердин Кыргызстанда жасаган кылмыштарын эске салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Беларуста качып жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин «Назар Ньюс» сайтына чыккан кайрылуусун териштирүүнү суранып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылды:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Улам-улам эле «Назар ньюска» Бакиевдерди актаган, аларды реабилитация кыла турган маалыматтар чыгып жатат. Аны болсо башка да жалпыга маалымдоо каражаттары көчүрүп жазышкан. Мен апрель окуясында канча киши өлгөнүн, жаракат алганын эске алып УКМКга кайрылдым. «Бакиев келиши керек» деген сыяктуу маалыматтар мамлекеттин коопсуздугуна да тиешелүү. Ушуну айтып жаткандарга реакция болуш керек».

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кыргыз элине деген кайрылуусун «Назар Ньюс» сайты 30-майда жарыялаган. Анда Бакиев 7-апрелдеги окуяны бийликти басып алуу максатында атайын даярдалган «төңкөрүш» катары мүнөздөп, андагы кан төгүү үчүн Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүн айыптаган.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Бакиевди жана анын жакындарын актоо боюнча максаттуу иш-аракеттер жүрүп жатканына көңүл бурду:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

«Бакиевдерге актануу мүмкүн эмес. 2010-жылы каны төгүлгөн балдардын окуясы алардын күнөөсүн толук далилдеп турат. Ошол кезде бийликте турган адамдар мыйзам чегинде сот жообуна тартылышы керек болчу. Бирок алардын айрымдары акталып жатканы туура эмес. Акыркы убакта кандуу режимдин кыймыл-аракеттерин актап, аларды таза киши кылып көрсөтүү боюнча иштер башталды. Мунун баары жөн жерден эмес. Бул үчүн Бакиевдер өзүлөрү аракет кылып жатышат. Алардын адамдары керек болсо парламентте отурат, мамлекеттик кызматтарда иштеп атышат».

Курманбек Бакиевдин маалымат каражаттарына жарыяланган кайрылуусуна Башкы прокуратура да жооп кайтарды. Анда Бакиев, анын жакын туугандары, анын ичинде уулу Максим Бакиев жана анын санаалаштары оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн айыпталып, сыртынан соттолгону, сот аларга эркинен ажыратуу баштаган ар кандай жазаларды чектегени белгиленген.

Башкы прокуратура Курманбек Бакиев сыртынан 30 жылга кесилип, ага издөө жарыяланганын, Бакиевдин өзүн жана анын инилери Жаныбек (Жаныш), Адылбек, Марат, Каныбек, уулу Максим Бакиевдер баштаган адамдарды Кыргызстанга күч менен алып келүү жаатында аракеттер жүрүп жатканы кабарлады.

Курманбек Бакиев жакында эле «Азаттыктын» беларус кызматына комментарий берип, өзү жана өз жакындары тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматын популисттик билдирүү катары баалады. Ал Интернет аркылуу калыс сот уюштурула турган болсо ага катышууга өзү да кызыкчылыгы бар экенин айтты.

Курманбек Бакиевди жана анын бийлиги тушунда жооптуу кызматта отургандарды Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча Башкы прокуратуранын ишинен майнап чыга элек. Саясат талдоочу Турат Акимов бул үчүн бийлик менен башкы көзөмөл органын айыптады.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

«Бакиевди кайтарып келүү боюнча жөн эле каттарды жиберип коюшат. Бирок чоң саясий кадам жасап, бул тууралуу ЖККУнун деңгээлинде маселе көтөрүлгөн жок. Бакиев болсо Александр Лукашенконын бийлигине таянып эркиндикте жүрөт».

Курманбек Бакиевдин кайрылуусуна тушташ эле Жогорку сотто мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин толук акталганы маалым болду. Бул коомчулукта 2010-жылдагы апрель окуялары үчүн айыпталган адамдарды реабилитация кылуу аракети катары кабыл алынды.

Жогорку сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ишин 3-июнда карап, аны актаган биринчи жана экинчи соттук инстанциялардын өкүмдөрүн күчүндө калтырды. Анын адвокаты Икрамидин Айткулов «Азаттыкка» соттун чечими тууралуу буларды айтты:

Икрамидин Айткулов.
Икрамидин Айткулов.

«Жогорку сот прокуратуранын арызын четке кагып, актаган өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Эми ал толук реабилитация болууга укугу бар. Жогорку сот өз чечимин Конгантиевдин аракетинде кылмыш жок деп негиздеди».

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Анын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон иши кыскарып кеткени 2018-жылы ачыкка чыккан. Коомчулуктун сынынан кийин иш кайра сотко өткөрүлүп, прокуратура Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айыппул салууну суранган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылы 5-июлда Конгантиевди кайра актаган. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Эми Жогорку сот бул ишке биротоло чекит койду.

Быйыл он жылдыгы белгиленген 2010-жылдагы кандуу апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Калгангандарына сот өкүмү чыккан. Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.

Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген. Ушул тапта апрель окуялары боюнча Дунганов жана Темирбаев түрмөдө жазасын өтөп жатат. Калгандары ар кандай жагдайда бошотулду.

Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жолугушуусу. Минск, 6-август, 2019-жыл.
Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жолугушуусу. Минск, 6-август, 2019-жыл.

Апрель окуясында жабыркагандардын коомдук жактоочусу Осунбек Жамансариев каргашага тиешеси барлар коомчулукта реабилитация болот деген сөздөргө ишенбейт.

«Себеби, аларга сот чечими чыгып теңинен көбү түрмөгө отуруп чыгышты. Бирок башка өлкөдө жүрүп алып Кыргызстанда моралдык жактан актанганга аракет болуп жатат. Бакиевдердин «Кыргызстанга келебиз» деген деле ою жок болсо керек. Бакиев «эл аралык сотто соттошом» деп айтууда. Кыргызстандын соту өз чечимин чыгарган. Эгерде алардын кызыкчылыгы болсо эл аралык сотко да кайрылса болот», - деди ал.

Курманбек Бакиев 2005-жылы өзү март ыңкылабы аркылуу бийликке келип, 2010-жылы апрель ыңкылабында кулатылган. Ал бийликте турганда саясатчы Медет Садыркулов, депутат Жыргалбек Сурабалдиев, журналист Геннадий Павлюк, спортчу Раатбек Санатбаев, депутаттар Баяман Эркинбаев, Санжар Кыдыралиев, кылмыш төбөлү атыккан Рысбек Акматбаев киши колдуу болгон. Алар Курманбек Бакиевдин жакындарынын буюртмасы менен өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматтар тараган.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Анын ордуна Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу Өкмөт бийликке келген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (57)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG