Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 6-апрель, 2020 Бишкек убактысы 21:21

Конгантиевдин көчөгө коюлган атынын чуусу


Сооронбай Жээнбеков жана Молдомуса Конгантиев.

Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы бир көчөгө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аты коюлганы талкууга түштү.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аты Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Көк-Жар конушунда «Милициялар шаарчасындагы» көчөгө коюлган. Көк-Жар айыл аймагынын башчысы Эдил Жумалиев бул кызматка бир жума мурун гана келгенин айтып, сөз болуп жаткан көчөгө бул ысым мурдагы жетекчинин тушунда айылдык кеңеш аркылуу ыйгарылганын билдирди:

- Кагаздарды карап чыксам «Милициялар шаарчасынын» жашоочулары, алардын ичинде көбүнчө милиция кызматкерлери, генералдар кол коюп, айыл өкмөткө кат түрүндө кайрылышыптыр. Алар өздөрү бизге «ушул генералдын атын коюп бергиле» деп жазышыптыр. Бул 2018-жылдын октябрларында болгон экен. Ошол учурда өйдө жактан «эл каттоо үчүн көчөлөрдүн аттарын тезирээк койгула» деген талап болуп турган. Анан айылдык кеңеш демилге көтөргөндөрдү документтин артына жазып, ошону атайын токтом менен бекитип берген экен.

Бул кабар социалдык тармактарда талкууга түшүп, айрыкча 2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучуларынын сынына кабылды. Алар «адам өмүрү кыйылган бул окуянын 10 жылдыгынын алдында ошол кездеги жогорку бийлик адамдарынын баркталышы туура эмес болду» деп жатышат. 7-апрелдеги окуялардын жигердүү катышуучусу Эркин Асаналиев 2010-жылдагы кандуу окуяларга Конгантиевдин тиешеси бар деп эсептейт. Асаналиевдин пикиринде, Конгантиевдин ысымынын көчөгө ыйгарылышы апрель окуясынын маанисин төмөндөтөт.

- Эркиндикке чыгарып жибергенде оозубуз ачылган, - дейт ал. - Эми көчөгө атын берди. Бул таптакыр туура эмес. Анда апрель окуясына ким күнөөлүү, кылмыш болгон эмеспи? Балдар жөн эле өлдүбү? Президент менен шайлоонун алдында жетелешип түшкөн сүрөтү бар. Балким ошол үчүн ушундайларга жол берилип жатат.

Молдомуса Конгантиевдин өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Генералдын баласы Автандил Конгантиевдин айтымында, атасынын ысымын ыйгаруу боюнча өздөрү суранган эмес. Ал бул тууралуу Интернеттен гана окуганын айтты:

- Мен эч нерсе билбейм. Өзүбүз канчайча демилге көтөрөбүз? «Биздин атабыздын атын коюп бергиле» деген туура эмес болуп калат. Мен өзүм кечээ Интернеттен окудум. Өзү (ред: Молдомуса Конгантиев) келсе толук маалымат сурайм.

Саясатчы Бектур Асанов Конгантиевдин ысымы көчөгө берилишин туура эмес деп эсептейт. Асанов апрель окуясы менен байланышкан экс-министрдин аты коомчулукта кайра-кайра талкуулана бериши Конгантиевдин өзүнө деле абийир алып келбейт деген ойдо. Асановдун пикиринде, муну анын ысымын даңктоону каалагандар, чечим кабыл алган жергиликтүү бийлик эске алышы керек.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

- Менин оюмча Конгантиевге деле бул абийир алып келбейт, - деди ал. - Өзү деле суранбаса керек. Кичинекей көчөнүн аты кимге кызык? Мен дегеле көзү тирүү кишинин атын берүүгө каршымын. Мыйзам бузулуп жатат, муну жергиликтүү бийлик токтотушу керек болчу.

Мыйзам демекчи, «Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча өкмөтүн алдындагы комиссия жөнүндө» жободо «көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу алар каза болгондон тартып 5 (беш) жыл өткөндөн кийин ишке ашырылат» деп жазылып турат. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев дал ушул мыйзам бузулганын айтты:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Мыйзамды бузуп каалаган кишинин атын бере берсе болобу? Бул баягы «бүтө элек жолго өлө элек адамдын атын беребиз» дегендей болуп атат. «Атамбаевдин атын беребиз» деп чыгышкан. Кеп анын ким экенинде эмес, биринчи мыйзам сакталышы керек.

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Анын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени 2018-жылы ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта кеп боло баштагандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Иш кайра сотко өткөрүлүп, прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айып пул салууну суранган. Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 5-июлда Молдомуса Конгантиевди актаган чечим чыгарган.

Буга байланыштуу «Айкөл таза коом» уюмунун мүчөлөрү нааразы болушуп, Биринчи май райондук сотунун алдында акцияга чыгышкан. Анткен менен Конгантиев боюнча коомчулуктун пикири бир кылка эмес. Айрымдары экс-министрдин укук коргоо тармагында эмгеги сиңгенин белгилеп, «7-апрель боюнча моралдык жактан өз жазасын алды» дешсе, кээ бири «мурунку президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда мыйзамсыз иштерге аралашкан» деп айыптап келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (80)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG