Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:17

Мурат Суталинов эркиндикке чыкты (видео)


Сот залынан тартылган сүрөт.
Сот залынан тартылган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Мурат Суталинов ден соолугуна байланыштуу абактан бошотулду.

Бишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, «өсмө оорусунан жабыркап жатат» деген бейтапты сот залынан бошотту. Суталинов 2010-жылдагы апрель окуяларына байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Сот залынан бошотулган Мурат Суталинов журналисттердин суроолоруна кыскача гана жооп берди. Ал 2010-жылдагы апрель окуясы үчүн моралдык жоопкерчиликти сезерин, бул үчүн жабыркаган тараптан кечирим сурап келатканын жана бүгүн абактан чыгарын күтпөгөнүн айтты:

«Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса да, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен сотто да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да бүткүл кыргыз элимден кечирим сурайм».

​Ошондой эле Суталинов Кыргызстанда дарыланып, үй-бүлөсүнүн жанында болорун кошумчалады. Туугандары көзгө жаш алып, колдоп келгендерге ыраазычылык айтып жатышты.

Жакындарынан тышкары ага колдоо көрсөтүп сотко депутат Исхак Масалиев, укук коргоочу Чолпон Жакупова, мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев, журналист Замира Сыдыкова баштаган коомдук-саясий ишмерлер да келишти. Апрель окуялары боюнча соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп чыккан мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Суталинов мыйзам чегинде түрмөдөн бошотулуп жатканын белгиледи:

«Бүгүн кыргыз соту Суталиновду бошоткону гумандуулук болду. Ооруп жаткан генералга гумандуулук көрсөтүшкөнүнө ыраазычылык билдирем».

​Мурат Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун каралды. Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканын жана дарты өтүшүп кеткенин сотто да айтып беришкен. Бирок Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган болчу.

Мыйзам боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими дароо күчүнө кирет. Азырынча Башкы прокуратура чечимге каршы доо арыз менен даттанарын же даттанбасын кабарлай элек.

Курманбек Бакиевдин бийлигинин акыркы жылдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) башкарган Мурат Суталиновдун бошотулушу боюнча коомчулуктун пикири бир кылка болгон эмес.

20 жылга соттолгон аткаминердин шарттуу бошотулганына каршы болгондор ал жазасын толук өтөшү керек деп эсептешет. Алардын бири, апрель окуясынын катышуучусу Таалай Айдаров мындай деди:

«20 жыл деген өтө оор жаза. 2010-жылы Мурат Суталинов «эч нерсе кылган жокмун» дегени менен иштерди кылган. Муну тергөө да аныктады. Мыйзам талаасында чыгара турган кишилерди эмес, чыкпай тургандарды коё берип атабыз. Ошондуктан мен шаардык соттун чечимине нааразымын».

Ал эми саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Суталиновдун тагдырынан бийлик өкүлдөрү сабак алышы керек экенин белгиледи:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

«Суталиновдун баягы элге колу менен көрсөткөн «ишараты» тарыхта калды. Эми кандай болгон күндө да жазаланды. Бошонуп кеткени жакшы болду. Ушундай окуялардан бийликтегилер сабак алышы керек. Калыс иштебесе кандай тагдыр күтүп жатканын эч ким билбейт».

Апрель окуяларындагы кандуу окуялар боюнча соттук жараян 2010-жылы башталып, дээрлик төрт жылга чейин созулган. Сот жараяндарынын жыйынтыктары менен 30дай адамга оор айып коюлган. Алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган бир топ саясатчылар сыртынан соттолуп, камалгандардын алды ар кандай жагдайда бошотулууда. Учурда апрель окуялары менен Данияр Дунганов жана Нурлан Темирбаев жазасын өтөп жатат.

Суталинов: Элимден кечирим сурайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:08 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG