Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 21:27

Суталиновдун тагдыры таразада


Суталиновду абактан бошотуу иши кийинкиге калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

Суталиновду абактан бошотуу иши кийинкиге калды

Жаза аткаруу кызматы Апрель окуясы боюнча күнөөлүү катары жазасын өтөп жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду абактан мөөнөтүнөн мурда бошотууну өтүндү.

Бишкектин Ленин райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча арызды 30-январда карамак.

Жараянга прокуратура өкүлү келбей калгандыктан ишти кароо 7-февралга жылды.

Сот залына өңүнөн азып калган Суталинов алып келинди. Ал жараянга катышып жаткан жакындарына да, журналисттерге да ооз ачкан жок.

Апрель окуясында өлгөндөрдүн тизмеси.
Апрель окуясында өлгөндөрдүн тизмеси.

Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда атайын кызматты жетектеген Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча өтүнүчтү сотко Жаза аткаруу кызматы жолдогон.

Буга "соттолуучу айыкпаган ооруга кабылып, абалы начарлап бара жатат" деген дарыгерлердин бүтүмү себеп болгон.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын "Азаттыкка" билдиришинче, өтүнүч жолдоого мыйзам жол берет:

- Дарыгерлердин атайын консилиуму болгон. Ага биздин, Онкологиялык борбордун дарыгерлери жана башка догдурлар катышкан. Анын негизинде биз сотко мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу боюнча кайрылганбыз. Себеби, бул адамдын оорусу өкмөт тарабынан бекитилген мөөнөтүнөн мурда бошотууга жол берген дарттардын катарына кирет. Аны негиз кылдык.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматын Суталиновду дарылап жаткан Улуттук онкология жана гемотология борборунун дарыгерлери ырасташууда.

Аталган борбордун профессору Турусбек Абдылдаевдин айтымында, Мурат Суталинов бөйрөк рагынын оор формасына чалдыккан:

- Бөйрөктүн төртүнчү даражадагы рагы. Оң бөйрөгү. Метастазалар байкалып жатат. Дарыгерлердин кароосу алдында узак мөөнөт дарыланышы керек.

Суталиновдун адвокаттары ишти караган судья соттолуучунун абалын эске алып, аны бошотот деп үмүт кылышат. Бирок Мурат Суталиновго тагылган айып жана сот иши катардагы окуялардан эмес. Ал өлкөнүн эгемен тарыхында 90дон ашык адамдын канына забын болгон чуулуу апрель окуялары боюнча кесилген.


Мурдагы бийлик учурунда алгач ички иштер министри, кийин УКМКны жетектеген Суталинов 2010-жылы 7-апрелде тынч жарандарга ок атууга тиешеси бар деп 20 жылга эркинен ажыратылган.

Ал апрель окуяларынан соң алгач өлкөдөн чыгып кетип, 2011-жылы декабрда соттук отурумга өзү келген. Мындан кийин Суталинов үй камагына чыгарылып, сот өкүмүнөн кийин гана камакка алынган.

Мурат Суталиновдун оор дартка кабылганы акыркы эки-үч жылдан бери айтылып келген. Бирок буга чейин айыккыс оорусу бар деген негизде абактан бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин окуясынан кийин коомчулук мындай маалыматтардан күмөн санай баштаган.

Экинчиден, апрель окуясы боюнча айыпталган жоон топтун ичинен абакта жазасын өтөп жаткан аз гана адам бар болсо, алардын бири -Мурат Суталинов.

Апрель окуясына активдүү катышкан, журналист Турат Акимов азыр Сүталинов боюнча кырдаалды бир тараптуу баалай албай турат:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Мындай соттордун укуктук, мыйзамдык мааниси менен катар саясий сабагы да бар. Кийинки муун үчүн сабак болсун десек саясий жагын да карап, Апрель ыңкылабы учурунда элге ок аткандар жазасын алыш керек болчу. Ал эми Суталиновго келсек, буга чейин ыңкылаптын айланасында абдан көп талаштуу жагдайлар жаралгандыктан саясий баасы берилбей калды. Анын ден соолугунун начарлаганы чындап далилденсе, эркиндикке деле кое берсе болот.

Апрель окуясы боюнча соттук жараян 2010-жылдын ноябрында башталып, дээрлик төрт жыл жүрдү. Анын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган.

Алардын арасынан Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.

Курманбек Бакиев жубайы менен. 2009-жыл
Курманбек Бакиев жубайы менен. 2009-жыл

Мурдагы президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев 27 жылга кесилген.

Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга, президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная менен “Альфа” атайын тобунун командирлеринин бири Алмаз Жолдошалиев 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороев, президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев жана экс-баш прокурор Нурлан Турсункулов 10 жылга кесилген. Бул мурдагы үч жетекчи эки жылдан ашык абакка отурган соң 2016-жылдын аягында мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.


Булар менен кошо айыпталган “Альфа” жана “Арстан” топторунун аскерлери акталган.

Азыр ушулардын ичинен Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басарлары Нурлан Темирбаев, Данияр Дунганов жана Мурат Суталинов жазасын өтөп жатат. Эми Суталинов эки аткаминер менен чогуу абакта калары же эркиндикке чыгары кийинки аптада чечилет.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG