Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Равшан Жээнбеков: 7-Апрелдин курмандыктары эңсеген өзгөрүүлөр үчүн күрөшүүбүз керек


Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кыргызстандыктарды апрель окуяларынын курмандыктары эңсеген өзгөрүүлөргө жетиш үчүн күрөшүүгө чакырды.

7-апрелде, ыңкылаптын 10 жылдыгына карата жарыялаган кайрылуусунда ал саясий көз карашка, ишенимге, туулган жерге карабастан ар бир жаранды курман болгон жана каршылык көрсөткөндөр умтулган өзгөрүүлөрдү, адилеттикти орнотууга үндөдү.

Равшан Жээнбеков: «7-апрелде курман болгондор да, ал убактагы саясий режимге каршы чыккандар да, мамлекеттин жаңылануусу, өзгөрүү, адилеттик үчүн өмүрүн кыйып, каршылык көрсөтүп, күрөшкөнүнө ишенем. Азыркы бийлик болсо өлкөнү кризиске алып келгенине, эки жылдын ичинде бир да демократиялык реформа кылбаганына, сөз эркиндигине басым жасаганына, болгон оппозицияны жоюшуна карабастан улут үчүн маанилүү баалуулуктар жөнүндө сүйлөйт. Статистикага таянсак, авторитардык-кландык режим жакшы келечекке алып барбайт», деп белгиледи.⠀

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин бийлик алмашкан.

6-апрелде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата элге кайрылып, «бул окуялардан терең сабак алып, элдин эркине каршы келген чечимдерге эч качан жол бербейбиз» деди.

Ошондой эле президент: «Апрель революциясы мамлекетибиздин башкаруу системасын өзгөртүүгө түрткү болду. Парламенттик демократияны орнотуш үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды. Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз. Сөз эркиндигинин мааниси артты. Жарандык коомдун мамлекеттик турмуштагы ролу жогорулады. Бирок, тилекке каршы, революциянын максаттары, талаптары ишке толук ашпай калган. Аларды азыр жүрүп жаткан реформалардын артыкчылыктуу багыттары катары аныктап, турмушка ашырууну көздөп жатабыз» деди.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. (RK)

XS
SM
MD
LG