Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

Башкы прокуратура: Бакиев жана үй-бүлөсү оор кылмыштар үчүн айыпталган


Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жолугушуусу. Минск, 6-август, 2019-жыл.
Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жолугушуусу. Минск, 6-август, 2019-жыл.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин маалымат каражаттарына жарыяланган кайрылуусуна Башкы прокуратура жооп кайтарды.

Анда Курманбек Бакиев, анын жакын туугандары, анын ичинде уулу Максим Бакиев жана анын санаалаштары оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн айыпталып, сыртынан соттолгону, сот аларга эркинен ажыратуу баштаган ар кандай жазаларды чектегени белгиленген.

Башкы прокуратуранын маалыматында Курманбек Бакиев сыртынан 30 жылга кесилип, ага издөө жарыяланганы, Бакиевдин өзүн жана анын инилери Жаныбек (Жаныш), Адылбек, Марат, Каныбек, уулу Максим Бакиевдер баштаган адамдарды Кыргызстанга күч менен алып келүү жаатында аракеттер жүрүп жатканы кабарланган.

Башкы прокуратура ошондой эле Бакиевдер жана алардын жакындары айыптуу деп табылган кылмыш иштерин санаган. Алар төмөнкүлөр:

- «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөгү жана аны үчүнчү тарапка сатуудагы мыйзамсыз аракеттери;

- «Азия универсал банктан» жана Кыргызстандын Социалдык фондунан 2 078 623 577 сомду менчиктеп алганы;

- «Ысык-Көл» ААК 20% Максим Бакиевдин жакындарына сатууга мажбурлаганы;

- «Учкун» мамлекеттик ишканасынын жанындагы 904,6 чарчы метр жана 0,385 га аянтка жайгашкан имаратты мыйзамсыз менчиктегени;

- «Азия универсал банк» жана Кыргызинвестбанк аркылуу арам акчаны адалдаганы;

- «Манас Банк», «Киммел», «Мавал Актив» компаниялары аркылуу чет элдик жарандардын кылмыштуу жол менен табылган арам акчасын адалдаганы;

- 2010-жылы 7-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында нааразылык митингине чыккан адамдарга ок атып өлтүргөнү.

«Назар ньюс» сайты 30-майда 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кыргыз элине кайрылуусун жарыялаган. Анда Бакиев 7-апрелдеги окуяны бийликти басып алуу максатында атайын даярдалган төңкөрүш деп мүнөздөп, андагы кан төгүүгө Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүн айыптаган.

Курманбек Бакиев 2005-жылы март ыңкылабы аркылуу бийликке келип, 2010-жылы апрель ыңкылабында кулатылган. Бакиевге «мамлекеттик бийликти бир туугандары жана уулдары колго алып, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орнотту» деген кине коюлган. Сөз эркиндиги тушалып, анын саясатын ачык сындаган көптөгөн журналисттер куугунтукталган.

Бакиев бийликте турганда саясатчы Медет Садыркулов, журналист Геннадий Павлюк, спортчу Раатбек Санатбаев, депутаттар Баяман Эркинбаев, Санжар Кыдыралиев, кылмыш төбөлү атыккан Рысбек Акматбаев киши колдуу болгон. Алар Курманбек Бакиевдин жакындарынын буюртмасы менен өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматтар тараган.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Анын ордуна Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу Өкмөт бийликке келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG