Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Беларустагы шайлоонун Кыргызстандагы илеби


Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий чогуу түшкөн сүрөттү Беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Фото: president.gov.by

Беларустагы президенттик шайлоого Кыргызстанда да кызыгуу менен көз салгандар көп болду.

Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүнө, добуш берүүдөн кийинки полиция менен жарандардын кагылышуусуна Кыргызстандын айрым жарандары да кызыгуу менен көз салууда. Муну социалдык тармактардагы талкуулардан, бул шайлоонун жыйынтыгында кыргыз-беларус мамилесинде эмне өзгөрүшү мүмкүн деген суроолордон байкоого болот.

Кыргыз-беларус мамилесиндеги Бакиев фактору

Бир нече аймактык уюмдарда өнөктөш болгон бул өлкө менен Кыргызстандын саясий окуяларын байланыштырган айрым жагдайлар бар. Алардын бири - апрель окуяларынан кийин Бишкектен качып, Беларуста башпаанек тапкан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маселеси.

Мекенинде 90 адамдын өлүмү жана башка оор кылмыштар үчүн соттолгон Бакиев жана анын үй-бүлөсү Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын Бакиев баштаган бир нече адамды экстрадициялоо боюнча өтүнүчүн расмий Минск четке каккан.

Акыркы жылдары кыргыз бийлиги деле бул маселени эстен чыгаргансып дээрлик көтөрбөй калды.

Курманбек Бакиев Александр Лукашенконун кабыл алуусунда. 6-август, 2019-жыл.
Курманбек Бакиев Александр Лукашенконун кабыл алуусунда. 6-август, 2019-жыл.

Ошондуктан эгер Беларуста бийлик алмашса Бакиевдин маселеси кайра көтөрүлүшү мүмкүнбү деген суроону кыргыз Интернет колдонуучулары талкуулап жатышкан. Ал түгүл «Александр Лукашенконун шайлоонун утушун Лукашенкодон да Бакиев көбүрөөк тилеп жатса керек» деген тамашалар да айтылды.

Мындан тышкары Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Лукашенкону шайлоодо дагы бир жолу утту деп жарыялаган соң 10-августта Беларус президенти бул өлкөнүн Улуттук биотехникалык корпорациясына барганда аны Бакиевдин үзөңгүлөштөрүнүн бири, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго түспөлдөш адам коштоп жүргөнүнө көңүл бурулду. 2010-жылы апрель окуяларынан соң өлкөдөн качып кеткен Данияр Үсөнов Даниил Урицкий деген ысым менен Беларус жарандыгын алганы жана ал жактагы Улуттук биотехникалык корпорацияны жетектеп жатканы буга чейин белгилүү болгон эле.

Кыргызстанда бир нече кылмыш үчүн 15 жылга кесилген Үсөнов-Урицкий Беларус президенти шайлоодон соң жолуккан адамдардын бири болду.

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороевдин айтымында, акыркы жылдары Бакиевдин фактору кыргыз-беларус кызматташтыгынын башкы маселеси катары каралбай калды.

«Шайлоонун жыйынтыгы менен Беларуста өлкө жетекчилиги алмашат деп ким күткөнүн билбейм, - деди ал. - Бул абдан эле ишке ашуусу кыйын нерсе болчу. Бирок Кыргызстанда Бакиевдердин бул өлкөдөгү жашашына, ал жактагы статусуна карата кызыгуу бар деп айтсак болот. Бирок кыргыз жарандарынын биринчи кезектеги кызыккан маселеси ушул деп айтсак аша чапкан болобуз. Жыл өткөн сайын алардын эмне кылып жатканы анча мааниге деле ээ эмес. Жаңылыкка чыкканда гана бир дүүлүгүп барып токтобосо, ага көңүл бургандар азайып калды».

Ошол эле кезде Бакиевдердин факторун эске албаганда кыргызстандыктардын көз карашынан Беларустагы шайлоо эмне үчүн маанилүү? Бул суроону бир нече жагдай менен түшүндүрүүгө болот.

Бул шайлоого көз салып жаткан Кыргызстандын БШКсынын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова ириде жарандардын добуш берүүдөгү жигердүүлүгү кызыгуу жаратты деген пикирде. Анын айтымында, быйыл күзүндө парламенттик шайлоо өткөнү жаткан Кыргызстанда шайлоочулардын өз добушу үчүн күрөшү маанилүү.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

«Жарандардын жандуулугу, өз добушун коргоп калууга болгон аракети чоң болуп жатат, - деди ал. - Өзгөчө беларустук мигранттар Варшавада, Москвада, Мюнхенде же Киевде болобу, аябай жоопкерчиликтүү позициясын көрсөтүштү. 9-августта добуш берүү убактысы бүткөнгө чейин шайлоо участокторуна келген адамдар аябай көп болуп, бир канча сааттап күтүп турушту. Мындай бир-эки көчөгө узарган кезекти мен буга чейин Малайзиядан көргөн элем. Кечээ болсо Беларустун шайлоочуларынан көрдүм. Бул шайлоочулар ысыкка, кезекке карабай «баары бир добуш берем» деп сабырдуулук менен жигердүүлүгүн көрсөтө алды. Ушул жагынан Кыргызстандын жарандары да келе жаткан шайлоодо ушундай жигердүүлүк көрсөтүп, өз добушу үчүн күрөшүшү керек деген ойдомун. Ошондой эле бизде да муун алмашып, көз караштар, аң-сезим өзгөрүшү керек деген жарандар бышып жетиши зарыл».

Эл аралык байкоочулардын айтымында, чынында эле акыркы шайлоо Беларустун тарыхындагы эң жандуу жана атаандаштык сезилген шайлоонун бири болду. Александр Лукашенко баштаган бийлик негизги оппозициячыл талапкерлердин шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк бербесе да, акыркы кырдаал камактагы оппозициячыл активист Сергей Тихановскийдин жубайы, буга чейин саясатка анча аралашпаган Светлана Тихановскаяны эң башкы атаандашка айландырды.

Муну бир катар адистер өлкөдө 26 жылдан бери бир киши башкарып келе жаткан Беларустун жарандарынын саясатта жаңыланууга умтулушу менен түшүндүрүүдө. Дал ушул жаңылануу үчүн беларус шайлоочулары узун-узун кезектерге карабай добуш берүүгө аракет кылганы айтылууда. Эми болсо шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон айрым беларустар көчөгө чыгып, мындай маанай эмне менен аяктай турганы белгисиз.

Беларустагы абалды эски аткаминерлерден көңүлү калып, «бийликке жаңы адамдар келиши керек» деген пикир көп айтылган кыргыз саясаты менен салыштыргандар да бар. Эксперт Канатбек Мурзахалилов:

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

«Менин көз карашымда, Беларуста бийликтин трансформациясы башталды. Адамдар өзгөрүп жатат жана өлкөнүн багытын кайсы жакка алып барарын мезгил көрсөтөт. Ал эми Кыргызстандын ракурсунан алганда, пандемиядан улам «кара июль» деген апаатты башыбыздан өткөрдүк. Буга карабай шайлоо өнөктүгү башталды. Ушундай кырдаалда шайлоого байланыштуу аракеттер кандай болору толугу менен бийликтин кадамдарынан көз каранды. Мен жакынкы күндөрү Беларустагы шайлоодон кийинки нааразылыктай кырдаал түзүлбөшү үчүн өлкө башчысынан шайлоого байланыштуу программалык сөзүн күтүп жатам. Анда сатып алуу, мыйзам бузуу болбойт, эркин атаандаштык болот деген кепилдик керек болот. Ошондо шайлоонун жыйынтыгы олку-солку болбойт. Болбосо азыр Беларус башынан өткөрүп жаткан кырдаалды биз эки жолу басып өткөнбүз жана үчүнчүсүнө жол бербегендей болуш керек», - деген оюн билдирди.

Бирок эки ыңкылапты башынан өткөргөн, саясий атаандаштык, окуялар активдүү жүргөн Кыргызстан менен Беларустагы акыркы окуяларды салыштыруу туура эмес деген пикирлер да айтылып жатат. Эки өлкөдөгү саясий система, экономикалык, социалдык абал таптакыр башкача.

«Европанын акыркы диктатору» атка конгон Лукашенконун жеке башкаруусундагы өлкөдө болуп жаткан окуялар парламентаризм жолуна түшкөнүн жарыялаган Кыргызстанга үлгү боло албашы мүмкүн. Бирок коомдук ишмер Алмаз Кулматовдун айтымында, демократиялык өзгөрүүлөрдү бекемдеш үчүн начар мисалдардан да үлгү алып, аны кайталабаганга аракет кылыш керек.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

«Албетте, Беларус менен Кыргызстанды салыштырып болбойт деген да кайсы бир деңгээлде туура, - деди ал. - Ал жакта режим башка, бизде башка. Бирок эске алчу далай жагдай бар. Мисалы, нааразылыкка себеп боло турган окуяларга жол бербөө, элдин пикири менен эсептешүү, ким болбосун, кайсы шайлоо болбосун нааразылыкка негиз болчу себептердин алдын-алуу маанилүү. Элге карата адилетсиздик кылбоо сыяктуу нерселерди эске алууга тийишпиз. Шайлоо күзүндөбү, беш жылдан же он жылдан кийин өтөбү, ушул жагдайларга көңүл буруш керек. Беларустагы саясатка кызыгуу деген сөзсүз эле Кыргызстан бир нерсени үйрөнүшү керек же аларда бизден ашып кеткен жетишкендик болду деген кеп эмес».

Ал ортодо Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Беларустун президенти Александр Лукашенкону шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганы белгилүү болду. Кыргыз президентинин аппараты тараткан билдирүүгө караганда Жээнбеков «сиздин бай тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз элдин бакубаттыгын жогорулатууга мындан ары да өбөлгө түзүп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүшүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишенем» деп билдирген.

Беларус БШКсы 10-августта жарыялаган баштапкы жыйынтыктарга ылайык, өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко добуштардын 80,23%, анын башкы атаандашы Светлана Тихановская 9,9% алды. Калган үч талапкердин ар бири 2% жетпеген көрсөткүчкө ээ болду. Бирок Тихановскаянын штабы шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок.

Жекшембинин кечинде жана дүйшөмбүгө караган түнү Беларустун көпчүлүк шаарларында добуштар бурмаланганын айткан миңдеген адамдар көчөгө чыгып, алардын айрымдары полиция менен кагылышты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG