Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Беларуста кагылышта адам өмүрү кыйылды


Минск. 11-августка оогон түн, 2020-жыл.
Минск. 11-августка оогон түн, 2020-жыл.

Беларуста шайлоодон кийинки экинчи түн да тынч болгон жок.

Кандуу жана каардуу кагылыш

Беларустун Ички иштер министрлиги күч түзүмдөрүнө ыргыта турган куралы колунан жарылган адам түнкү саат 11лер чамасында көз жумганын билдирди.

Бирок окуяга күбө болгон журналисттер ал учурда ОМОН демонстранттарды кулак тундурган гранта менен аткылап жатканын белгилешти. Бул 9-августтагы шайлоодон кийин Лукашенкого каршы чыккандардын арасындагы биринчи курмандык.

Андан тышкары "Телеграм" каналдардан канжалаган адамдардын сүрөт-видеолору тарап жатат.

Демонстранттарга каршы ок, кулак тундуруучу гранаталар, суу бүрккүч машине, резина октор колдонулганын, шаардын ар башка бурчтарында жарылуулардын үнү угулуп турганын “Азаттыктын” беларус кызматы жазды.

Демонстранттар фейерверк менен каршы алышты. Айрым маалыматтарда “Молотов коктейли” колдонулганы кабарланууда. Демонстранттар автоунаалары менен спецназды сүздүрүп кеткен кеминде эки окуянын видеосу тарады.

Жаалданган адамдар көчөдө колуна тийген буюм-тайымдан баррикада жасап, коргонууга аракет кылышты. Баш калаадагы “Рига” супермаркетинин жанында күч түзүмдөрү баррикадаларды төрт ирет алып салып, демонстранттар ошончо ирет тарап кайра чогулушкан.

Жаалданган адамдар колуна тийген буюм менен баррикада жасоодо.
Жаалданган адамдар колуна тийген буюм менен баррикада жасоодо.

“Наша Нива” басылмасы башкы редактору Егор Мартинович үйүнө бараткан жолдо дайынсыз жоголгонун кабарлады. Анын телефонунан кесиптештерине акыркы ирет “SOS” деген кабар келген экен.

Көчөгө чыккан миңдеген адам менен жүздөгөн атайын аскерлер баш калаанын ар башка жерлеринде, мындан тышкары Бобруйск, Брест, Витебск, Гомель, Гродно, Могилев, Береза, Мозырь, Пинск, Брест жана Кобрин шаарларында кагылышып, күчтөп кармап кетүү, таратуу аракеттери уланды. Кармалгандардын саны канча экени белгисиз.

10-августта андан мурдагы түн үчүн кабар берип жатып ИИМдин басма сөз катчысы Ольга Чемоданова өлкө боюнча үч миңдей киши кармалганын, алардын үчтөн бири Минскиге туура келерин билдирген.

Айрым жоокерлер элге кошулду

Так кайсы шаарда экени белгисиз, бирок бир видеодо ОМОНдун жоокери калканын таштап, чабуул коюудан баш тартканын, дагы бир сүрөттөн ОМОНдун жоокери эл менен колтукташып баратканын көрүүгө болот.

Минск убактысы боюнча түнкү 3.30 чамасында окуяларды чагылдырып жаткан “Нехта” телеграм каналы атайын техника жана ОМОН базаларына кайтканын жазды. Оппозициячы талапкер Светлана Тихановскаянын тарапташтарынын “Страна для жизни” "Телеграм каналы" “адамдар жеңүүчү катары үйлөрүнө кайтууда”, “жакынкы күндөрү тиран жеңилери айкын болуп калды” деп жазды.

Күч түзүмдөрү бир-бирден кармап кетпеши үчүн адамдар колтукташа кармашып, "тирүү чынжырга" айланышты.
Күч түзүмдөрү бир-бирден кармап кетпеши үчүн адамдар колтукташа кармашып, "тирүү чынжырга" айланышты.

Эл аралык коомчулук да Беларуска көңүлүн буруп турат. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 10-августта билдирүү таратып, тынчсыздануусун билдирди. Ал 9-августтагы шайлоону «эркин жана акыйкат эмес» деп баалады.

«Беларус бийлигин бардык беларустардын тынч жыйындарга чогулуу укуктарын урматтап, күч колдонуудан оолак болууга, мыйзамсыз кармалгандарды бошотууга чакырабыз. Каршылык акциясына чыккандарга карата колдонулган зомбулукту, оппозиция тарапташтарын кармап кетүүнү, шайлоо жана демонстрация тууралуу беларус элинин маалымат алуусун чектеп - Интернетти өчүрүп коюуну чечкиндүү сынга алабыз», - деп жазылат анда.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип чыккандарга күч колдонулганын айыптады.

10-августта “Твиттерге” жарыялаган билдирүүсүндө Беларус өкмөтүн добуштарды так саноого жана анын жыйынтыгын жарыялоого чакырды.

Ушул эле күнү Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Жозеп Боррел жана уюмдун кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархелий да Беларустун күч органдарынын аракетин сынга алган билдирүү таратышты.

“Эркин шайлоо жана демократия үчүн мурда болуп көрбөгөндөй мобилизациядан кийин Беларус эли добуштарынын так саналышын күтөт”, - деп айтылат ал билдирүүдө.

БШК жеңишти Лукашенкого ыйгарды

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августта президент Александр Лукашенко жекшембидеги шайлоодо добуштардын 80,23% алганын билдирген. Расмий маалымат боюнча, Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 9,9% добуш топтоду.

Бирок Тихановская шайлоонун расмий жыйынтыгы бурмаланганын, көпчүлүк добушканалардан чогултулган протоколдордун негизинде өзүн жеңүүчү деп эсептей турганын жарыялады.

Тихановская 10-августта 16.00 чамасында шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу арыз-даттанууларды алып БШКга барды. Ал жерде 4,5 сааттай отурган соң сыртка чыгып, “чечим кабыл алдым” деген боюнча белгисиз тарапка кеткен. Бул тууралуу “Азаттыктын” беларус кызматына анын штабынын маалымат катчысы Анна Красулина маалымдаган. Талапкер кандай чечим кабыл алганы азырынча штабга да, элге да белгисиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG