Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Тихановская элди тынч митингге чакырды


Светлана Тихановская, Минск, 31-июль 2020-жыл.
Светлана Тихановская, Минск, 31-июль 2020-жыл.

Беларустагы президенттик шайлоодо президент Лукашенконун башкы атаандашы болгон оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская Литвадан үн катты. Ал беларус жарандарын бардык шаарларда тынч жыйындарды өткөрүүгө чакырды.

Беларустагы президенттик шайлоодон көп өтпөй Литвага чыгып кетүүгө аргасыз болгон Светлана Тихановская 14-августта видео кайрылуу жасады. Ал президенттик шайлоону жеңгенине ишенип турганын, жыйынтыкты бурмалоодон баш тарткан ондогон шайлоо бекеттеринде добуштардын 60-90 пайыздайын алганын айтты.

Оппозициячыл талапкер өзүнө добуш берген жарандарга ыраазычылык билдирип, аларды өз "тандоосун коргоого", ал үчүн дем алыш күндөрү массалык тынч жыйындарды өткөрүүгө чакырды.

"Абал оор. Соңку күндөрү өлкөдө болуп жаткандарды көрүп, жүрөгүм ооруп турат. Мен үчүн жана ар бирибиз үчүн адамдын өмүрү баарынан маанилүү. Биз беларус шаарларындагы зомбулукту токтотушубуз керек. Мен бийликти диалогго барууга чакырам. Бардык шаарлардын башчыларын 15-16-августта ар бир шаарда тынч жыйындардын уюштуруучусу болуп берүүгө чакырам", - деди Тихановская.

Ал Беларус эли мурдагы бийликти каалабай турганын айтып, "анын жеңишине эч ким ишенбейт" деп билдирди. Бирок президент Александр Лукашенконун атын атаган жок.

Заводчулар иш таштоодо

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан президент Александр Лукашенко добуштардын 80%, Светлана Тихановская 10% алганын билдирген.

Мындай жыйынтыкты тааныбаган он миңдеген демонстранттар өлкөнүн бир катар аймактарында беш күндөн бери нааразылык акцияларын улантып жатышат.

13-августтун кечинде баш калаа Минскинин бир нече районунда автоунаалардын сигнал бергени, демонстранттардын "Жаша, Беларус!" деген ураандары угулуп жатты. Алар Лукашенкону кызматтан кетүүгө чакырып, айрымдары "Тихановская - менин президентим" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту.

14-августта Беларустун бир катар аймактарындагы завод-фабрикалардын жумушчулары иш таштаганы белгилүү болду. "Медуза" басылмасы андай ишканалардын саны 20дан ашканын билдирди.

Жума күнү өлкө батышындагы Гродно шаарында жайгашкан "Гродно Азот" химиялык заводунун миңдеген кызматкерлери иштөөдөн баш тартып, "Лукашенконун отставкасын талап кылабыз!", "Биз аны шайлаган жокпуз!", "Добуштарыбыз уурдалды!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту.

13-августта жүк ташуучу автоунааларды жана автоунаа тетиктерин чыгарган "БелАЗ" заводунун жумушчулары да иш таштаган эле.

Миңдей демонстрант бошотулду

Бейшембиден жумага караган түнү бийлик беш күн ичинде кармалган 7 миңдей демонстранттын миңге чукулун бошотту. Аларды жүздөгөн жакындары жана тааныштары Минскидеги убактылуу кармоочу жайдын алдында тосуп алып жатышты.

Минскидеги трактор заводунун жумушчулары акцияга чыккандарга тилектештик билдиришти.
Минскидеги трактор заводунун жумушчулары акцияга чыккандарга тилектештик билдиришти.

Бошотулгандардын бири Сергей күч кызматкерлерди 15 жаштагы өспүрүмдү да, 70 жаштардагы карыяны да аёосуз сабаганын айтып берди.

"Абактын камерасы беш кишиге эле ыңгайлашкан. Алгач ал камерада 25 адам отурдук. Анан алар бештен адамды алып кетип, жаңыларын кошуп жатышты. Түнү бою сабалган адамдардын аянычтуу үндөрүн угуп жаттык", - деди Сергей.

Минскидеги убактылуу кармоочу жайдан бошонуп чыккандардын арасында аксап баскандары, көзү-башы көгала болгондору да бар. Алардын айрымдары кийимдерин чечип, денеси ур-токмоктун уусунан көгала болгонун көрсөтүп жатышты.

Алардын бири Евгений күч кызматкерлери кармалгандарды автозакта улуттук гимнди ырдоого мажбурлаганын, туура эмес ырдагандарды сабаганын, абакта, "ОМОНду жакшы көрөбүз" деп айттырганын кабарлады.

Милиция тынч митингдерди таратуу үчүн демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, желим ок жана кулакты тундуруучу граната колдонгону белгилүү. Эки күн мурда президент Александр Лукашенко шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп көчөгө чыккандарды "мурда кылмыш кылгандар, жумушу жок бекерчилер" деп мүнөздөгөн.

"Демонстрация деп аталган бул окуялардын чордонунда мурда кылмышка аралашкандар жана жумушсуздар турат. Жумушуң жок болсо көчөнү, бульварды аралап жүрөсүң да. Ошондуктан эскертип коеюн. Жумушу жок отургандардын баары өзүңөргө иш тапкыла", - деп билдирген Лукашенко.

Бирок 13-августта Беларустун ички иштер министри Юрий Караев жайкын тургундар жабыркаганы үчүн кечирим сураганын "Reuters" жаңылыктар агенттиги маалымдады.

"Мен жөн-жай тургундар жараат алганы үчүн жоопкерчиликти өзүмө алам жана кечирим сурайм", - деди Караев.

Беларус бийлигинин демонстранттарга жасалган катаал мамилени жумшартуу аракети Евробиримдик Минскиге каршы 2016-жылы алынган санкцияларды кайра киргизүү маселесин талкуулап жаткан учурга туш келди. 14-августта шаркеттин тышкы иштер министрлери жыйынга чогулуп, бир чечимге келери күтүлүүдө.

Буга чейин Европа Биримдигине кирген бир катар өлкөлөр, Кошмо Штаттар Беларуста демонстранттарга күч колдонулганын кескин айыпташкан. Эстония, Латвия, Литва жана Польша биргелешкен кайрылуу жолдошуп, "Беларустагы кризисти тынч жол менен чечүү үчүн" арачы болууга даяр экенин билдирген.

Беларус өзгөрүүнү, Кыргызстан кыйчалыштан чыгууну каалайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:56 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG