Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Беларуста бийликке каршы акциялар уланууда


Минск. 13-август, 2020-жыл.
Минск. 13-август, 2020-жыл.

Беларуста жума күнү эртеден бери президент Александр Лукашенкого жана милициянын зомбулугуна каршы акциялар жанданды. «Азаттык» радиосунун беларус кызматы маалымдагандай, саат жетиден эле баш калаада медиктер «тилектештик чынжырына» тизилип турушат.

Бир катар мамлекеттик өнөр жай ишканаларында жумушчулардын митингдери уланууда. Минск метрополитенинин кызматкерлери иш таштоого даярданышканы кабарланды.

Нааразылык акцияларын жетектеген бирдиктүү штаб же уюштуруу комитети жок болгону менен, катышуучулар буга чейин кармалган демонстранттарды жана саясий туткундарды кое берүүнү, кыйноо, зомбулук үчүн жооптуу адамдарды жазалоону, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышууда.

Оппозициядагы саясатчылардын эки шайлоо штабы жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырып жатышат.

Ал арада Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Беларустагы кырдаалды талкуулап жатышат.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоону президент Александр Лукашенко 80,2% көрсөткүч менен жеңгенин жарыялаган. Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% жакын добуш топтогону маалымдалган. Оппозиция өз алдынча жүргүзгөн санактар тескери жыйынтыкты көргөзгөн.

Тихановская шайлоону тааныбай, кийин Литвага кеткен.

XS
SM
MD
LG