Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Нобел лауреаты Алексиевич: Лукашенко, сыйың менен кет!


Светлана Алексиевич.
Светлана Алексиевич.

Белгилүү беларус жазуучусу, Нобел сыйлыгынын лауреаты Светлана Алексиевич Беларустагы демонстранттарга каршы күч колдонулганын айыптады. Бейшембиде жазуучу «Азаттыктагы» маегинде бийлик өз элине каршы согуш жарыялаганын айтып, Александр Лукашенкону кызматын тапшырууга чакырды:

«Сыйың менен кетип кал. Бирок ал мүмкүн болбой калды окшойт. Кан төгүлдү. Кеч болуп калды. Убакыт болуп турганда элди жарандык согушка түртпөй кетип кал. Эч ким Майдандын кайталанышын каалабайт. Эч ким кан төгүлүшүн каалабайт. Сен гана бийликти каалап жатасың».

Алексиевич милициянын тынч демонстранттарга каршы ырайымсыздыгы, аёосуз мамилеси аны дендароо кылганын айтты. Ал Беларус эли Лукашенко шайлоодо Светлана Тихановскаяга жеңилгенинен «күмөн санабайт» деген пикирин билдирди. Жазуучу ошондой эле Орусия полициясынын атайын даярдыктагы бөлүгү – ОМОН Лукашенко тарабынан Минскиге алынып келген деп боолголойт.

Нобел сыйлыгынын лауреаты Тихановскаяны кубаттап, саясатка эч качан аралашпаган талапкер көп нерсеге жетишкенин, «өзгөрүүлөргө, жаңы жашоого, чынчылдыкка умтулуунун символу» болуп жатканын белгиледи. Тихановская шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай, 10-августта Литвага кеткен.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-августтагы шайлоону президент Александр Лукашенко 80,2% көрсөткүч менен жеңгенин жарыялаган. Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% жакын добуш топтогону маалымдалган. Оппозиция өз алдынча жүргүзгөн санактар тескери жыйынтыкты көргөзгөн.

Бийлик демонстранттарды күч менен кууп таратууда. Милиция суу атма, желим ок, кулак тундурган граната, жаш агызган газ колдонуп келатат. Минскиде жана 20дан ашуун шаарда алты миңден ашуун киши кармалды, бери дегенде 250 киши жабыркады. Расмий маалыматка караганда, бир киши каза болду.

XS
SM
MD
LG