Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Беларус ИИМи митингчилерге каршы ок атуучу курал колдонулганын ырастады


Минск шаарындагы милиция кызматкерлери. 11-август, 2020-жыл.
Минск шаарындагы милиция кызматкерлери. 11-август, 2020-жыл.

Беларус бийлиги шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирген демонстранттарга каршы ок атуучу курал колдонулганын биринчи жолу ырастады. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) мындай окуя 12-августка караган түнү Брест шаарында болгонун билдирди.

«Брестте жаалданган жарандардын тобу арматура менен милиция кызматкерлерине кол салышкан. Аларды токтотуш үчүн эскертүүчү октор атылган. Кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун коргош үчүн ок атуучу курал колдонулган. Кол салгандардын бири жарадар болду», деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Беларус ИИМинин басма сөз катчысы Ольга Чемоданова демонстранттарга каршы колдонулган куралдардын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берерин айтты. Буга чейин беларус милициясы нааразылык акцияларында өлүмгө алып келбеген курал-жарактар гана колдонулганын билдирип келген.

Министрликтин маалыматы боюнча, 11-августта Беларустун 25 шаарында каршылык акциялары өттү. Миңден ашуун адам кармалды.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-августтагы шайлоону президент Александр Лукашенко 80,2% көрсөткүч менен жеңгенин жарыялаган. Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% жакын добуш топтогону маалымдалган. Шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныбаган Тихановская Литвага чыгып кеткен. Шейшембиде Беларуста шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген демонстранттар үчүнчү түн катары менен акцияга чыгышты.

XS
SM
MD
LG