Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Беларустагы шайлоонун Кыргызстан алчу сабагы


Беларустагы нааразылык акциясы. Минск. 16-август, 2020-жыл.
Беларустагы нааразылык акциясы. Минск. 16-август, 2020-жыл.

Беларуста президенттик шайлоого нааразы болгондордун 9-август түнү башталган нааразылык акциялары токтой элек.

Өлкөнүн жаңы шайланган президенти Александр Лукашенконун эл менен көзмө-көз жолугуп, аларды тынчтандыруу аракетинен жыйынтык чыккан жок. Тескерисинче жапырт иш таштоо башталып, эл Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылууда. Беларустагы шайлоонун Кыргызстанга сабагы кандай жана бийлик аны эске алабы?

Беларуста 10 күндөн бери миңдеген демонстранттар көчөгө чыгып жаңы шайланган президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, күч органдарынын демонстранттарга карата зордук-зомбулугун сынга алышууда.

Лукашенко 17-августта президенттик шайлоо өлкө жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин өтүшү мүмкүн экенин айтканы элдин нааразылыгын токтото алган жок. Бийликке каршылык маанай күчөп машина куруучу ири заводдордун, ишканалардын жумушчулары жапырт иш таштап, алардын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратат.

17-августта Беларустагы нааразылык акциясына чыккандарга тилектештигин билдиргендер Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдында пикет өткөрүштү. Ага он чакты кыргызстандык катышып, колдоруна «Зомбулукту токтоткула!», «Беларус, Кыргызстан сени менен» деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Беларустагы президенттик шайлоо жана андан кийинки митингдер Кыргызстанда да кызуу талкууланууда. Буга күзүндө Жогорку Кеңешке өтчү шайлоо себеп болду өңдөнөт. Парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясын жетектеп бараткан саясатчы Алмамбет Шыкмаматов Беларустагы кырдаал кыргыз бийлигине сабак болушу керек деп эсептейт.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Беларустагы окуя - постсоветтик мамлекеттердин баарына сигнал. - дейт ал. - Александр Лукашенко - айтса сөзү, иштесе иши бар диктаторлордун эң күчтүүсү, эң таасирдүүсү эле. Бирок эркиндикти самаган эл күндөн-күнгө консолидация болуп жатат. Лукашенконун кызматтан кетерине ашып кетсе эки күн калды. Кыргызстанда 2005-2010-жылдагы эки чоң саясий окуя шайлоонун айынан болгон. Административдик ресурс, криминал аралашкан шайлоого эл сөзсүз нааразы болот. Шайлоонун эртеси эле мындай маанай байкалбаса да жүрүп отуруп агрессивдүү формага өтөт. Ошондуктан кыргыз бийлигинин, коомчулугунун, жоопкерчиликти моюнга алабыз деген саясатчылардын алдында чоң милдет турат. Биринчиден, шайлоо таза өтүш керек, экинчиден, элдин сезими менен ойнобош керек».

Саясат талдоочулар Беларуста түмөндөгөн эл катышкан ири акцияларды жалпы эле дүйнөдө элдин бийликке карата нааразылык маанайы күчөгөнү менен да байланыштырууда.

Алар коронавирус пандемиясы жана анда ачыкка чыккан маселелер мындай каршылыкты дагы да ырбатканы байкалганын белгилешет. Мындай шартта бийлик элдин чакырыктарына жооп берип, алардын пикири менен эсептешүүсү керек экени улам-улам эскертилип жатат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодо бардык партияга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүп, теңата саясий атаандаштык болорун, бийлик кайсы бир саясий күчтөргө артыкчылык бербей турганын билдирип келет. Ушундай эле талаптарды партияларга бир нече жолу айткан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан саясатчы Өмүрбек Текебаев партиянын 17-августта өткөн курултайында Беларустагы окуяларды эске салып, буларга токтолду:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«100 жыл ичинде бүтүндөй саясий долбоорлорду Эркиндик багында отурган пенсионерлер же жумушсуздар ойлоп тапкан. Ал долбоордун баары Ала-Тоо аянтында ишке ашкан. Биз парламентке Жанарбек Акаев баш болгон жаштарды жөнөтүп жатабыз. Эгерде биз ал жакта азчылык болсок, көчөдөн колдойбуз. Көчөнүн күчү кандай экенин Кыргызстан бир нече жолу көргөн. Көчөнүн күчү кандай экенин Украина да көрдү. Көчөнүн күчү кандай экенин бүгүн Лукашенко да сезип отурат. Эгерде бийлик элди, азчылык болгон оппозицияны укпай турган болсо «Ата Мекен» партиясы көчөнү көтөргөнгө жана ал кыймылды жетектегенге даяр».

Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдөгү абалды айтты. «Европанын акыркы диктатору» атка конгон Александр Лукашенко жана Беларустагы кырдаал парламенттик башкарууга багыт алган Кыргызстан үчүн да мааниси чоң.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул Беларустагы элдик толкундоонун күчтүү президенттик башкаруу өкүм сүргөн постсоветтик өлкөлөргө таасири тууралуу ой бөлүштү:

«Украинада саясий абал өзгөргөнүн көрүп турабыз. Эгерде Беларуста да ушундай болуп, бир адам эмес, мамлекеттик институттардын үстөмдүгү орносо, бул Орусия үчүн оор болот. Башкача айтканда, президенттик башкаруу формасына сокку урулат. Кыргызстан да парламенттик башкаруу системасын орнотконго аракет кылып келет. Ошондуктан биз туура жолдо баратабыз деп айтсам болот. Бирок оор болот. Анткени ал жеңил эмес».

Кыргызстан Беларус менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) сыяктуу бир нече аймактык уюмдарда өнөктөш.

Ал жактагы шайлоонун Кыргызстанда кызыгууну жаратып жатканынын дагы бир себеби - өлкөнүн экинчи президенти Курманбек Бакиев жана анын жакындары Беларуста баш калкалап жүрөт. Кыргызстандын Бакиев баштаган бир нече адамды экстрадициялоо боюнча өтүнүчүн расмий Минск четке каккан.

Президент Сооронбай Жээнбековду колдогон саясатчылардын бири Кубанычбек Кадыров кыргыз бийлиги шайлоону таза өткөрүү канчалык маанилүү экенин түшүнүп турганына ишенет.

Кубанычбек Кадыров.
Кубанычбек Кадыров.

«Президент шайлоодо калыс болушу керек, - деди ал. - Ошондуктан өкмөт акимдер менен губернаторлорго «эч кимге жан тартпагыла, шайлоо таза өтсүн» деп айтышы керек. Бийлик шайлоодо бир партияга жан тартып, басым-кысым болсо анын аягы жакшылык менен бүтпөйт. Сооронбай Шарипович абалды түшүнгөн үчүн «шайлоого кийлигишпейм» деп айтты. Президент мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашса жоопко тартыла турган, добуш сатып алууга каршы мыйзамдарга кол койду».

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Мыйзам боюнча шайлоого катышкысы келген саясий партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек.

Өткөн аптада Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президент Александр Лукашенко 9-августтагы шайлоону жеңгенин расмий жарыялаган. Комиссиянын сайтындагы маалыматка караганда, өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенкого добуштардын 80,1%, анын негизги атаандашы Светлана Тихановскаяга 10,1% тийген. Оппозиция шайлоонун баштапкы жыйынтыгын тааныган эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG