Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:37

Беларус: Лукашенкону сестенткен жүрүш


16-август, 2020-жыл.
16-август, 2020-жыл.

Демонстранттар 19-августтун кечинде Минскидеги Эгемендик аянтына чогулушту.

Минск тынч эмес

«Лукашенко, кет! Сөз эркиндиги! Трибунал!», - деген ураандарды чакырган миңдеген демонстранттар 19-августтун кечинде Минскидеги Эгемендик аянтына чогулушту.

Ага чейин Ички иштер министрлигинин алдында да нааразылык акциясы өткөн. Кармалгандар тууралуу маалымат берилген жок.

Оппозиция 23-августта өлкө боюнча ири демонстрация өткөргөнү турат. «Жаңы Беларустун жүрүшү» деп аталган акцияга шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандардын баары катышмай болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 9-августта өткөн шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 80% алып жеңген. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын, мөөнөтүнөн мурда добуш берүүдө мыйзам бузуулар болгонун билдирип жатат. Активисттердин эсебинде, шайлоочулардын көбү Светлана Тихановскаяны колдошкон.

9-августтун кечинде башталган каршылык акцияларын бийлик күч менен таркатууга аракет кылып, миңдеген адам кармалган. Үч киши каза болуп, жүздөгөн жарандар жараат алышты. Үчүнчү адам 19-августта каза болгону маалым болду. Каршылык акциялары маалында ок тийип, жараат алган 44 жаштагы Бресттин тургуну баш калаадагы аскердик госпиталда көз жумду.

12-күндөн бери токтобой жаткан демонстрациялардын катышуучулары Александр Лукашкенконун кызматтан кетишин, саясий туткундарды жана митингде камалгандарды токтоосуз эркиндикке чыгарууну, кыйноого жана зордук-зомбулуктарга жоопкер күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин, аткаминерлерди жазага тартууну талап кылышууда.

Лукашенко чек араларды бекемдөөнү буйруду

19-августта Александр Лукашенко Коопсуздук кеңешинин жыйынында көчө акцияларынын уюштуруучуларын аныктоону тапшырды.

«Минскиде эч кандай башаламандык болбошу керек. Эл тынчтыкты каалайт»,-деди ал.

Мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келаткан 65 жаштагы Лукашенко чет жактардан «согушкерлердин жана курал-жарактын» киришинин алдын алуу максатында чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө буйрук берди.

Президент мамлекеттик маалымат каражаттарына да тапшырма берип «оппозициянын программасы Беларусту жок кылууга багытталганын элге түшүндүрүп турууну» эскертти.

Евробиримдик Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

27 мамлекеттен турган Евробиримдик Беларустагы соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана добуш бурмалоого, нааразылык акцияларын күч менен басууга тиешеси бар адамдарга санкция салат. Бул тууралуу Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель онлайн саммиттин соңунда билдирди.

"Беларустагы каршылык акциялары - бул геосаясат эмес. Бул биринчи кезекте улуттук кризис. Биз беларус элинин өз келечегин тандоо укугун колдойбуз".

Еврокеңештин президенти Шарль Мишель Беларус боюнча чукул жыйында сүйлөп жатат. 19-август, 2020-жыл.
Еврокеңештин президенти Шарль Мишель Беларус боюнча чукул жыйында сүйлөп жатат. 19-август, 2020-жыл.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Беларустагы шайлоо эркин жана адилеттүү өтпөгөнү үчүн анын жыйынтыгын тааный алышпастыгын кошумчалады.

Польшанын Тышкы иштер министрлиги 19-августта билдиргендей беларус оппозициясынын активисти Валерий Цепкало жубайы Вероника менен Варшавага келди.

Беларустагы Жогорку Технологиялар паркынын негиздөөчүсү Валерий Цепкалону Боршайком шайлоого катыштырбай койгон. Анын жубайы Вероника оппозициядан президенттикке аттанган Светлана Тихановскаяны колдоп чыгып, шайлоого чейин жанында болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG