Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Литва Лукашенкону аймагына киргизбөөнү чечти


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Литванын бийлиги коңшулаш Беларустун президенти Александр Лукашенко баштаган 32 бийлик адамына санкция салып, аймагына киргизбөөнү чечти. Өлкөнүн тышкы иштер министри Линас Линкявичюс Вилнюс аларды 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жана нааразылык билдирип чыккандарды кыйноого катышы бар деп белгиледи.

Мурдараак ал Беларустагы куугунтукка жооптуу адамдарга жеке санкция салуу тууралуу Европа Кеңешинин чечимин Литва колдой турганын «Твиттерге» жазган.

20-августта Беларуста каршылык акциялары, анын ичинде иш таштоо уланды. 200 ашуун спортчу, машыктыруучу жана бул тармактын кызматкерлери президенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылып ачык кат жазды.

9-августтагы шайлоонун жыйынтыгында Беларус БШКсы өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Ошондон кийин Беларус эли көтөрүлүп, Лукашенконун кызматтан кетишин, саясий муундун алмашуусун талап кылууда.

XS
SM
MD
LG