Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Беларус оппозициясы жекшембиге чоң жүрүш пландады


16-августта Минскиде өткөн митинг.
16-августта Минскиде өткөн митинг.

Беларус оппозициясы 23-августта жалпы элдик каршылык акциясын өткөрүүнү пландоодо. «Жаңы Беларустун жүрүшү» деп аталган акцияга президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына ишенбегендердин баарын Минск баштаган шаарларда көчөгө чыгууга чакырып жатышат.

Акцияда президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын демилгеси менен түзүлгөн Координациялык кеңеш маанилүү программалык билдирүү жасашы күтүлүүдө.

19-августта ишин баштаган Координациялык кеңеш тез арада бийликти өткөрүп бериш үчүн сүйлөшүүнү баштоону Беларус жетекчилигинен талап кылууда.

9-августтагы шайлоодон кийин «добуштары бурмаланганын», «жеңишин уурдатканын» айткан түмөндөгөн беларус жарандары көчөгө чыгып, күч түзүмдөрү аларды аёосуз сабап, жети миңден ашуун адам кармалган.

Минскиде 16-августта 200 миң адам катышкан митингде саясий туткундарды жана демонстрация учурунда кармалгандарды бошотуу, Лукашенконун кызматтан кетиши жана жарандарды кыйноого, өлтүрүүгө шектүү бардык аткаминерлер менен күч түзүмүнүн кызматкерлерин соттоо талап кылынган.

Ушул тапта да көчө акциялары, мекеме-ишканаларда жапырт иш таштоо уланууда.

19-августта учурдагы президент Александр Лукашенко Мамлекеттик коопсуздук кызматына көчө акцияларынын уюштуруучуларын таап, ишмердигин тыюуну тапшырды. Ал эми Ички иштер министрлигинен «өлкөдө, өзгөчө Минскиде башаламандыкка жол бербөөнү» талап кылды.

XS
SM
MD
LG