Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Беларус өкмөтү кайра дайындалды


Беларус өкмөт башчысы Роман Головченко.
Беларус өкмөт башчысы Роман Головченко.

Александр Лукашенконун 19-августтагы жарлыгы менен беларус өкмөтү кайра дайындалды. Ага ылайык бардык министрлер, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да өз ордунда калышты. Өкмөт башчы болуп Роман Головченко кайра дайындалды. Тышкы иштер министри Владимир Макей, ички иштер министри Юрий Караев ордунда калды.

Бул аралыкта Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциялары 11-күн катары менен уланды.

Батыш өлкөлөрү, Евробиримдик беларус бийлиги тарабынан демонстранттардын кууп таркатылышын жана аларга күч колдонулушун сынга алышкан.

9-августтан бери уланып жаткан массалык акцияларда жүздөгөн киши жаракат алып, жети миңдей адам кармалды. Үч киши набыт болгону расмий кабарланды.

19-августта Евробиримдик Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган. Мындан тышкары добуш бурмалоого жана нааразылык акцияларын күч менен басууга тиешеси бар адамдарга санкция салынарын билдирген.

9-августта өткөн президенттик шайлоодо Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко добуштардын 80% алган. Бирок жарандык коом шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG