Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Берлин: Навальный «ууланган болушу мүмкүн»


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

23-августта Берлиндеги ооруканага жаткырылган орусиялык саясаты Алексей Навальныйдын абалы оңоло элек.

Немис өкмөтү Кремлди сындап келген Алексей Навальный Орусияда «ууланган сыяктанат» деп билдирип, ал Берлин ооруканасында дарыланып жаткан маалда жеке коргоого муктаж экенин кошумчалады.

Канцлер Ангела Меркелдин басма сөз катчысы Штеффен Зайберт «Биз ууландырылган болушу мүмкүн деп шек жаратып жаткан бейтап менен иш алып баруудабыз. Аны кимдир-бирөө олуттуу ууландырышы мүмкүн. Тилекке каршы, Орусиянын жаңы тарыхында мындай бир нече мисал бар. Дүйнө бул окуяга олуттуу карайт», - деди.

Орусиядагы Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальный бир нече айга саясий ишмердүүлүгүнөн четтетилгенин аны Германияга чыгарып кеткен «Cinema For Peace» фондунун жетекчиси Яка Бизил билдирди:

«Өтө кооптуу нерсе болгону анык. Кан басымы көтөрүлүп кеткен деген сыяктуу күлкүлүү божомолдор айтылып жатат. Мунун баары болбогон нерсе. Ал ден соолугу чың, ал-күчкө толуп турган киши. Ал бир күн мурда сууда чабак уруп жүргөн, кийинки күнү эле учакта абалы начарлап, ооруга чыдабай, кыйкырып жаткан видеону баарыбыз көрдүк. «Эгерде Омскиге учакты кондурбай, Москвага кетишкенде, ал өлүп калмак» деп дарыгерлер айтып жатышат. Ошон үчүн бул жөн гана бийиктиктен же кан басымы көтөрүлгөндүктөн эмес. Анын өмүрүнө кол салуу болгону ачык».

Ал немис дарыгерлери Навальный ууландырылганын тастыкташканын айтып, анын «тынчсыздандырган абалы» оңоло элек экенин кошумчалады.

Көп өтпөй Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш Берлиндеги оорукананын дарыгерлери саясатчынын абалы тууралуу расмий маалымат бере элек экенин эскертип, жалган кабарларды ээрчибөөгө чакырды.

«Алексейдин саламаттыгы тууралуу жаңы так маалыматтар жок. Биз баарыңардан сабырдуу болууну суранабыз жана жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз. Такталган маалымат чыкканда биз сөзсүз кабарлайбыз», - деп жазды Ярмыш.

23-августта Берлиндеги полиция Навальный жаткан «Шаритэ» ооруканасында коопсуздук чараларын күчөткөн.

Бүгүн Германиядагы дарыгерлер Навальный ууландырылганын тастыктаганы кабарлангандан кийин Омскидеги оорукананын дарыгерлери диагноз коюудага тоскоолдуктар жөнүндө айтып чыгышты.

«Биринчи иретте эле уулануу диагнозу коюлган. Ошон үчүн «Тез жардам» аны токсикология бөлүмүнө алып келген. Эгерде биз уулануунун далилдерин тапсак, так диагноз менен аны дарылоого жеңил болмок. Бирок биз уу же ууландыруучу зат катары аныктоого боло турган химиялык-токсикологиялык зат табылбаганы тууралуу эки лабораториядан жооп алганбыз», - деди Омскидеги №1 оорукананын башчысынын орун басары Анатолий Калиниченко басма сөз жыйынында.

Буга чейин Навальныйдын негизги диагнозу – «зат алмашуунун бузулушу» деп сыпаттап, «бул балким учакта отурганда канындагы канты кескин азайып кетишинен болушу мүмкүн» деген оорукананын башкы дарыгери Александр Мураховский Навальныйды дарылаган медкызматкерлерге бийликтен басым болгонун четке какты.

«Биз бейтапты дарылап, өмүрүн сактап калдык. Анын дарылоосуна эч ким кийгилишкен жок жана кийлигишпейт да болчу», - деди Мураховский.

Ал Навальный ооруканага түшкөндө ал жакта пайда болгон тартип коргоо кызматкерлери тууралуу «алардын эмне кылып жүргөнүн жана ким экенин билбей турганын» айтты.

Навальныйдын тарапташтары Омскидеги дарыгерлерди аны дароо Германияга чыгарып кетүүгө уруксат бербегени үчүн айыптап жатышат. Алар бийлик медкызматкерлерге басым кылган деп эсептешет.

Адам укуктары боюнча Европа соту 21-августта Навальныйды Орусиядан чукул чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алары кабарланганда гана Омскидеги дарыгерлер аялы Юлияга аны алып кетүүгө макулдугун беришкен.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, эстен танып жыгылган. Учак Омск шаарына чукул арада конууга аргасыз болгон.

Навальный Омскидеги ооруканада эки күн эс-учуна келе албай жаткан. 22-августта активисттердин тобу аны Омскидеги ооруканадан Германияга атайын каттам менен чыгарып кетишкен.

Навальный Томскиде учакка отурар алдында Богашево аэропортундагы кафеден чай ичкен. Оппозициячы саясатчынын тарапташтары «Навальный дал ушул жерден чайга бир нерсе кошуп ууландырылышы мүмкүн» деп шектенип жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG