Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

AFP: Германия Навальныйды алып кетиш үчүн Омскиге атайын учак жиберет


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Германия Навальныйды алып кетиш үчүн Омскиге атайын учак жиберет. Бул тууралуу AFP Германиядагы өкмөттүк эмес уюмдун өкүлүнө шилтеме берип маалымдады. Ага ылайык, медициналык жабдуулар жана дарыгерлер менен жабдылган учак 21-августта, Москва убактысы боюнча саат бирде учат. Оппозиционерге жардам берүүгө Берлиндеги Шарите ооруканасы даяр экенин билдирген.

Мурдараак Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Алексей Навальныйдын дарыланышына жана коопсуздугуна шарт түзүп берүүгө даяр экенин биргелешкен басма сөз жыйынында билдиришкен.

Алексей Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага бараткан каттамда эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, саясатчы «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген. Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш «Навальныйды чайга кошулган бир нерсе менен ууландырышкан» деп шек санап жатат. Анын айтымында, Навальный бул күнү чай гана ичкен.

20-август күнү кечинде Омскиге Навальныйдын жубайы, жеке дарыгери жана Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси келген. Алар Навальныйды чет өлкөдө дарылоого которууну талап кылышкан, бирок Омск ооруканасынын башкы дарыгери бейтаптын акыбалы өтө оор экенин айтып, аны автоунаада алып жүрүүгө мүмкүн эмес экенин билдирген.

Ага чейин президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Навальныйдын жакындары өтүнсө, аны чет өлкөдө дарылоого жиберүүгө көмөктөшүүгө убада берген. Навальныйдын штабы аны алып кетүүгө керектүү медициналык документтерди алууга жардам сурап кайрылган, бирок бейшемби кечке чейин оорукананын жетекчилиги документтерди берген эмес.

XS
SM
MD
LG