Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Орус оппозициячысы Алексей Навальный реанимацияда оор абалда жатат


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиядагы Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальный эс-учун жоготкон абалда «Тез жардам» менен Омскидеги ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу адегенде анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш «Твиттерге» жазып, саясатчы жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканын белгилеген.

Москва убактысы боюнча 9.23тө «Алексей дагы деле ИВЛ аппаратында. Оор абалда комада. Анализдин жыйынтыгы дале чыга элек» деп дагы бир твит жазды.

Ярмыштын маалыматына караганда Навальный бүгүн эртең менен Томск шаарынан Москвага учкан. Абалы начарлап, даараткананын жанында эс-учун жоготуп жыгылган соң учак Омск шаарына чукул конгон. Ярмыш саясатчыны «чайга кошулган бир нерсе менен» ууландырышы мүмкүн деп шек санап жатат. Анын айтымында Навальный бул күнү чай гана ичкен.

Томск шаарынын тургуну Павел Лебедев «Инстаграмына» Навальныйдын чай ичип отурган сүрөтүн жарыялап, андан соң аны менен учакка чогуу отурганын, саясатчы «өзүн абдан жаман сезип», «оорудан кыйкырып жатканын» жазды. «Медиазона» басылмасы Навальный чай ичип отурган кафени «Венская кофейня» деп тааныды.

ТАСС агенттиги Омскидеги №1 оорукананын башкы дарыгери Александр Мураховскийге таянып, саясатчынын абалы оор экенин жазды.

«Тайга.инфо» порталы Навальный бир нече күн Сибирде болгонун, ал кезектеги иликтөөсү үчүн материал чогултуп жүргөн болушу мүмкүн экенин жазды. Саясатчы адегенде Новосибирскиге келип, ыктыярчылар менен жолуккан соң Томскиге кеткен.

Оппозициячы өткөн жылдын июлунда административдик жаза өтөп жаткан Москвадагы №1 убактылуу кармоо жайында ууланды деген шек менен ооруканага түшкөн эле. Кийинчерээк ал орусиялык бир катар активисттер, журналисттер, саясатчылар жана атайын кызматтын мурдагы кызматкерлери Юрий Щекочихина, Анна Политковская, Александр Литвиненко, Сергей жана Юлия Скрипаль, Петр Верзилов ууланышканын, буга орус бийлиги шектүү болуп жатканын эске салган.

Алексей Навальный Коррупцияга каршы күрөш фонду менен Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган аткаминерлерди коррупцияга байланыштуу айыптап, алардын ишмердигин, эсепсиз байлыгын иликтеп келет.

XS
SM
MD
LG