Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:03

Алексей Навальный Берлинде толук медициналык кароодон өтүп жатат


Алексей Навальныйды толук медициналык текшерүүдөн өткөрүш үчүн Берлиндеги ооруканага алып келишти. Германия. 22-август, 2020-жыл.
Алексей Навальныйды толук медициналык текшерүүдөн өткөрүш үчүн Берлиндеги ооруканага алып келишти. Германия. 22-август, 2020-жыл.

Берлиндеги ооруканага жеткирилген орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын ден соолугу толук текшерүүдөн өткөрүлүп жатат. Оорукананын жетекчилиги бейтаптын саламаттыгын текшерип чыгыш үчүн убакыт керек болорун «Твиттерге» жазды. Ага ылайык, текшерип-кароо аяктаган соң гана аны дарылоо иштери каралат.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер орус президентинин саясатын ачык сындаган адамдын эс-учун жоготушун «маанилүү окуя» деп билдирди.

Алексей Навальный Берлинге Сибирдеги Омск шаарынан медициналык учак менен жеткирилди. Навальный үчүн атайын учак жалдаган коомдук уюмдун жетекчиси Яка Бизилж Навальныйдын абалы учуп баратканда жана Берлинге келгенде да туруктуу болгонун айтты.

Алексей Навальныйдын жакындары жана туугандары аны Европада дарылатууга уруксат берүүсүн сурап, кайрылышкан. Жергиликтүү дарыгерлер «бейтаптын абалы унаада алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк бербей турганын» айтып каршы чыгып, аягында макулдук беришкен. Оппозиционердин басма сөз катчысы Кира Ярмыш Навальный Берлинге жакшы жетип алганын билдирди.

Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва учагында бара жатып, эс-учун жоготкон. Учак чукул конуп, ал Омскидеги №1 «Тез жардам» ооруканасына жеткирилген. Навальныйдын жакындары муну атайылап ууландыруу деп шек санашууда.

Алексей Навальный Германияга 22-августта транспортировка болду. Ага чейин Германиянын канцлери Ангела Меркел орусиялык оппозициячыны немис клиникасында дарылатууга даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG