Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Комадагы Навальныйдын тагдыры талашта


Навальныйды Омскидеги аэропорттон эс-учун жоготкон абалда ооруканага алып кетип жатышкан учур. 20-август, 2020-жыл.
Навальныйды Омскидеги аэропорттон эс-учун жоготкон абалда ооруканага алып кетип жатышкан учур. 20-август, 2020-жыл.

Уулануунун белгилери менен Омск шаарындагы ооруканада жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды чет өлкөгө алып кетүү аракетинен майнап чыкпай жатат.

Орус дарыгерлери комада жаткан Алексей Навальныйды "чет өлкөгө азыр алып кетүүгө болбойт" деген бүтүмгө келишти. Омск шаарындагы №1 оорукананын башкы дарыгери Александр Мураховский бейтапты ордунан жылдырбаш керек экенин 21-августта журналисттерге билдирди. Анын айтымында, оппозициячыл саясатчынын абалы бир аз оңолуп баратканы менен дагы эле туруксуз.

Навальныйдын тарапкерлери Омск шаарындагы ооруканада тиешелүү жабдуу жок экенин, андыктан саясатчынын өмүрүн коркунуч тооруп турганын айтышууда. Саясатчынын жубайы Юлия Навальная бул убакытты создуктуруу аракети экенин билдирди.

«Мындай аракет Алексейдин организминдеги химиялык зат жоголуп кетишин күтүү максатында жасалып жатат. Ошондуктан аны бизге бербей коюшту. Химиялык заттын калдыктары толук жок болушу керек. Анын абалы жакшы эмес. Биз, албетте, бул ооруканага ишене албайбыз жана аны бизге берүүнү талап кылабыз. Биз аны дарыгерлерине ишенген, көз каранды эмес ооруканада дарылаткыбыз келет», - деди Навальная.

ФБК фондунун директору Иван Жданов менен Навальныйдын жубайы Юлия Навальная Омск шаарындагы оорукананын аймагында.
ФБК фондунун директору Иван Жданов менен Навальныйдын жубайы Юлия Навальная Омск шаарындагы оорукананын аймагында.

Бейшембинин кечинде Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Алексей Навальныйдын дарыланышына жана коопсуздугуна шарт түзүп берүүгө даяр экенин билдиришкен. Жума күнү Германиядан учуп чыккан медициналык учак Омск шаарына конгону, бортто немис дарыгерлери бар экени белгилүү болду.

Немис маалымат каражаттары жазгандай, Навальныйды Берлиндеги «Charité» клиникасына алып келүү пландалып жаткан жана аны немис баш калаасына жеткирип, дарылоонун чыгымын жеке тараптар көтөргөн.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен учуп келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканага барып, эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон.

Навальный учакка отурар алдында Богашево аэропортундагы «Венская кофейня» кафесинен чай ичкен. Саясатчынын тарапкерлери Навальныйга дал ушул жерден «чайга бир нерсе кошулуп ууландырылышы мүмкүн» деп шектенип жатышат. Алардын арасында саясатчы бийликтин буюртмасы менен ууландырылганын, аны атайын кызмат кылганын айткандар да бар.

Навальныйдын фондунун жетекчиси Иван Жданов транспорт полициясы саясатчынын организминен уулуу зат табылганын ырастаганын журналисттерге жума күнү билдирди. Анын айтымында, 21-августта ал Омскидеги оорукананын башкы дарыгеринин бөлмөсүндө отурган маалда транспорт полициясынын өкүлү кирип келип, Навальныйдын организминен «кандайдыр бир зат» табылганын айткан. Андан тактап сурашканда бул зат өтө кооптуу экенин, керек болсо айланадагы адамдар үчүн зыяндуу экенин айткан.

Бирок Ждановдун мындай билдирүүсүн полиция да, дарыгерлер да расмий түрдө бышыктай элек. 20-августта Омскидеги оорукананын дарыгерлери саясатчы ууландырылганын ишенимдүү айтууга болбой турганын билдиришкен. Алар анализдердин жыйынтыгы кеминде эки күндөн кийин чыгарын айтышкан.

Навальныйдын видео иликтөөлөрүнөн алынган сүрөт.
Навальныйдын видео иликтөөлөрүнөн алынган сүрөт.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да саясатчынын ууланып-уланбаганы лабораториялык жол менен гана аныкталарын эскерткен.

«Медиа каражаттары бул тууралуу көп жазып жатат. Мен да ал кабарларды окудум. Анын абалы оор экенин билебиз. Тез айыгып кетишин каалайбыз. Уулануу болгонбу деген божомол божомол бойдон кала берүүдө. Ал лабораториялык жол менен тастыкталышы керек. Анализдин жыйынтыгын күтүшүбүз зарыл», - деп билдирген Песков.

Алексей Навальный Коррупцияга каршы күрөш фонду (ФБК) аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган аткаминерлерди жемкорлукка байланыштуу айыптап, алардын ишмердигин иликтеп, эсепсиз байлыгын ашкерелеп келет. Ал ооруканага жатканга чейинки үч күндө Томск шаарында кезектеги иликтөөсүн тартып жүргөнү белгилүү болду.

Андыктан Кремлдин башкы каршылашынын абалы кескин начарлап, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып калышы Батыш өлкөлөрүнүн көңүлүн бурду. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайен Навальный ууландырылды деген маалыматтар «катуу тынчсыздандырып жатканын», бул кабар тастыкталса, анда АКШ менен Орусиянын алакасына таасир тийгизерин ишарат кылды.

«Ал абдан эр жүрөк адам. Орусиянын өзүндө Путинге каршы тура алган кайратман киши, - деди ал. - Эгер орусиялыктар мунун артында турса, анда ал келечекте Орусияга мамиле кылууда эске алынчу жагдай болот».

Бул Навальныйдын өмүрүнө коркунуч туулган биринчи окуя эмес. Ал былтыр июль айында Москвадагы №1 кармоо жайынан уулануунун белгилери менен ооруканага жаткырылган. Оппозициячыл саясатчы ал жерде «митингдерди бийликтин уруксаты жок уюштурган» деген жүйө менен 30 күндүк абак жазасын өтөп жаткан.

Анда дарыгерлер Навальныйдын абалына аллергия себеп болгонун айтышкан. Бирок саясатчы эч кандай аллергиясы жок экенин, аны ууландырууга аракет кылышканын билдирген. Навальный Тергөө комитетине арыз жазганы менен иликтөө иштеринен тыянак чыккан эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG