Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Навальный Медведевдин байлыгын тапты


Орус президенти Владимир Путин жана премьер-министр Дмитрий Медведев, Москва 23-февраль 2016-жыл.
Орус президенти Владимир Путин жана премьер-министр Дмитрий Медведев, Москва 23-февраль 2016-жыл.

Орусиялык оппозициячыл активист Алексей Навальный орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин миллиарддаган рублга бааланган мүлкүн ашкерелегенин билдирип чыкты.

Оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциялык активист Алексей Навальный өкмөт башчы Дмитрий Медведевди Орусиядагы эң бай жана эң коррупциялашкан аткаминерлердин бири деп мүнөздөдү. Навальный жетектеген Коррупцияга каршы фонддун дээрлик элүү мүнөттүк видео иликтөөсү 2-мартта интернетке жарыяланды.

Графикалык түшүндүрмөлөр, дрондон тартылган кадрлар менен коштолгон “Ал сизге Димон эмес” аттуу иликтөөнү Навальный өзү алып барат.

Анда Медведев кайрымдуулук уюмдарын түзүп, олигархтар тартуу кылган жана мамлекеттик банктардан алынган каражаттарга кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганы баштан аяк түшүндүрүлгөн. Навальныйдын айтымында, Медведевдин жакын адамдары жетектеген уюмдарга баш-аягы 70 миллиард рубл же 1,2 миллиард доллардык каражаты жана мүлктөрү берилген.

Медведевге таандык делген Сочинин жанындагы резиденциясынын бир бөлүгү
Медведевге таандык делген Сочинин жанындагы резиденциясынын бир бөлүгү

Иликтөөдө Медведевдин Москванын чет жакасындагы Рублёвка аттуу байлардын айылында эбегейсиз чоң турак жайы, Кара деңиздин жээгиндеги Анапа шаарында жана Италиянын Тоскана районунда жүзүм талаалары, Курскта резиденциясы, Иваново аймагында дачасы, Сочинин жанындагы Красная Полянада дагы бир үйү, Санкт-Петербургда тарыхый көп кабаттуу хансарайы жана баалары 1 миллиард рублга барабар эки яхтасы бар экени айтылат.

Навальный Рублёвкадагы сарайдын таржымалын түшүндүрдү:

- Орусиянын эң бай олигархы Алишер Усманов премьер-министр менен жакындан байланышы бар түзүмгө 5 миллиард рублдук короо-жайы бар чоң үйдү белекке берген. Бул эмне деп аталат? Туура, кадыресе паракорчулук. Усманов менен Медведев аны бөркүндөй эле көрүп, билип турат. Ошондуктан алар белекти көзөмөлдөгү кайрымдуулук фондуна каттатып жатат. Медведевдин бир группалашы бул фонддун ишин алып барса, экинчиси ага төрагалык кылат.

Алишер Усманов (солдо) жана Дмитрий Медведев
Алишер Усманов (солдо) жана Дмитрий Медведев

Бул кыймылсыз мүлк боюнча Орусиянын элитасы менен бекем байланыштагы миллиардер Алишер Усманов эч кандай комментарий бере элек. Анын “Металлоинвест” компаниясы “РБК” басылмасынын иликтөө боюнча суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.​

Иликтөөдө хансарайлар жана мүлктөр түздөн-түз Медведевге тиешелүү экенин кагаз жүзүндө кепилдеген далилдер жок. Бирок Навальный өкмөт башчынын интернет дүкөндөн сатып алган бут кийиминен тарта Инстаграмга койгон сүрөттөрү аркылуу Медведев хансарайларга барып турарын, яхтасына да байма-бай түшөрүн далилдеген. Ошондой эле хансарайлардын жанында жашаган айыл тургундарынын пикирлери менен да бекемдеген.

Ошентсе да Медведевдин кеңсеси иликтөөдө айтылгандарды дароо четке какты. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Наталья Тимакова бул иликтөөнү шайлоо алдындагы үгүт иши деп мүнөздөп, соттолгон адамдын пропагандалык чабуулдарына пикир билдирүүдөн майнап чыкпайт деген оюн “Интерфакс” агенттигине айтты.

Орус өкмөт башчысына таандык делген хансарай, Санкт-Петербург.
Орус өкмөт башчысына таандык делген хансарай, Санкт-Петербург.

Навальныйдын иликтөөсүнүн соңунда Орусияда аткаминерлер коррупциянын сазына батканын белгилеп, 2018-жылкы шайлоодо өзүнө добуш берүүгө чакырган эле.

Медведев январь айындагы интервьюларынын биринде коррупцияга жол берилбестигин эскерткен болчу:

- Соңку жылдары биздин өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш системалык мүнөзгө ээ болду. Бул курулай ураан, же шайлоо алдындагы убадалар, же элге жагуу аракети эмес. Ошондуктан шайлоо болобу же андан кийин болобу, айтор, кандай гана саясий сезон болбосун коррупцияга каршы иликтөөлөр уланууда. Аткаминерлерди жоопкерчиликке тартып жатышат. Бул тууралуу президент да айткан. Өкмөттүн позициясы да буга окшош.

Алексей Навальный 2011-жылкы парламенттик шайлоодон кийинки өкмөткө каршы акцияларда аты чыгып, де-факто оппозиция лидерине айланган. Ал президент Владимир Путиндин жакындарынын байлыгы тууралуу бир катар иликтөөлөрдү жүргүзгөн.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

Декабрь айында 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын жарыялаган. 8-февралда Орусиянын Киров шаардык соту Навальныйды уурулук кылган деп таап, “Кировлес” иши боюнча беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Өкүм 2013-жылы ушул эле иш боюнча башка сот чыгарган чечимге дээрлик окшош чыккан. Соттолгон деген макамына карабастан Навальный шайлоого катыша берем деп жатат.

Көз карандысыз “Левада” борборунун соңку сурамжылоосу боюнча Навальныйга добуш берүүнү каалаган орусиялыктардын саны 2011-жылы 33 пайыз болсо, быйыл 10 пайызды түзүп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG