Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Навальный Медведевдин “дачасын” шардана кылды


Миловка кыймылсыз мүлк комплексинин бир көрүнүшү.
Миловка кыймылсыз мүлк комплексинин бир көрүнүшү.

Орусияда 18-сентябрда парламенттик шайлоо өтөт. Таанымал оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жетектеген “Коррупцияга каршы күрөшүү кору” добуш берүүнүн жуп алдында бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын төрагасы, премьер-министр Дмитрий Медведев жашыруун пайдаланып жүрөт деген кымбат баалуу кыймылсыз мүлк комплексинин жалпы көрүнүшүн коомчулукка ашкере кылды.

Алексей Навальныйдын “Коррупцияга каршы күрөшүү кору” 15-сентябрда жарыялаган иликтөө - Иваново облусунда, Волга дарыясынын боюнда жайгашкан кыймылсыз мүлк комплекстин жана анын аймагынын коомчулукка алгачкы ирет ачыкка чыгышы.

Иваново облусунун Плес деген байыркы шаарчасында, көк майсаңда, токой ичинде жайгашкан, бийиктиги алты метрлик коргон ичи жана андагы имараттар, адамдар майрам жана дем алыш күндөрү премьер-министр Дмитрий Медведевге жана анын үй-бүлөсүнө кызмат кылары боюнча кеп-сөздөр бир нече жылдан бери эле жүрүп келген эле.

Навальный “Коррупцияга каршы күрөшүү корунун” интернеттеги сайтына коюлган видеодо алар дрондун жардамы менен тартып алган резиденцияны орус өкмөт башчысы колдонуп жүргөнүн Дмитрий Медеведев өзү Инстаграм баракчасына койгон сүрөттөр аркылуу да ырастоого болорун белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

- Медведевдин дачасы деп аталып жүргөн нерсе тууралуу бир нече жылдан бери эле маалым. Бул эбегейсиз резиденция жөнүндө журналисттер 2011-жылы эле жазышкан. Бирок бир дагы сүрөтү жок болчу. Себеби, жанына жолоо мүмкүн эмес эле. Бул таңкалычтуу эмес, ал алты метр коргон менен курчалган. Бул резиденцияга кургактан эле эмес, ал ыктап турган Волга дарыясынан да жакындай албайсың. Резиденциянын жалпы аянты 80 гектардан ашуун, бул үч Кремл же 30 Кызыл аянт. Анын базар баасын биз баалай албай койдук. Эски усадьбаны кайра оңдоо, бир нече үй, бассейндер, мейманкана, лыжа тебүүчү жай, жер алдындагы объекттер. Биз мындай комплексти куруу кеминде 25-30 миллиард рубль турат деп болжолдоп жатабыз.

Буга чейин Орусиядагы оппозициячыл “Новая Газета” 2011-жылы жарыялаган иликтөө боюнча Миловка деп аталган бул кыймылсыз мүлк комплекси “ДАР кору” деген уюмга таандык болгон.

Аталган уюм орусиялык миллиардерлер, “Новатэк” газ компаниясынын акционерлери: Леонид Михельсон жана Леонид Симановский тарабынан түзүлгөн. Симановский -Мамлекеттик Думада “Бирдиктүү Орусия” партиясынан депутат. Ал эми кордун Башкаруучулар кеңешин Медведевдин университет боюнча курсташы Илья Елисеев жетектеген.

Навальный айтымында, “ДАР корунун” орус өкмөт башчысынын жубайы Светлана Медведевага байланышы болгон. Ал эми 2011-жылы Путин жана Медведев президенттик жана премьерлик орунду алмашары жарыялангандан бир айдан соң бул комплекс “Тарыхый-маданий мурасты сактоо кору” деген бейөкмөт уюмдун менчигине өткөн.

Навальныйдын иликтөөсү жарыялангандан кийин Медведевдин басма сөз катчысы Наталья Тимакова премьер-министр мурда бул резиденцияда токтоп жүргөнүн ырастады, бирок ал бул мүлүктү ижарага албаганына жана ээлик кылбаганына көңүл бурду.

Медведевдин дачасы деген 80 гектар жердин көрүнүшү.
Медведевдин дачасы деген 80 гектар жердин көрүнүшү.

Навальный Медведевдин маалымат катчысына эгер премьер бул жайды бекер колдонгон болсо, анда айдан ачык эле пара катары саналарын эскертти.

“Коррупцияга каршы күрөшүү” кору Орусиянын бийлик адамдарынын өлкө ичинде жана четте жаап-жашырган дүйнө мүлктөрү тууралуу маалыматтарды коомчулукка буга чейин да ачыкка чыгарып келген.

Эми премьер-министр Медведев бери дегенде жашыруун пайдаланып келген кымбат баалуу мүлктүн парламенттик шайлоо алдында шардана болушу, 18-сентябрдагы добуш берүүдө муну угуп, биле алган шайлоочулар тандоосуна кандайдыр бир таасир береби же жокпу азырынча белгисиз:

Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

- Мунун баарын коррупция деп эсептөөгө болобу? Албетте, Путин, Медведев жана алардын “Бирдиктүү Орусия” партиясынын башка көп бөлүштүрүүлөрүн да. Андыктан, бекеринен Медведев бул партиянын тизмесинде биринчи орунда турган жок. Келгиле, минималдык айлык өлчөмдөрүн салыштырып көрөлү, Орусияда 7500 рубль, АКШда 82 миң рубль, Германияда 107 500 рубль. Демек, биздин өлкө жакыр, бирок анын жетекчилери бай өлкөлөрдүн лидерлеринин 300 эсе бакубат жашайт. Мындай коррупция “Бирдиктүү Орусияга” добуш бергендерден улам болуп жатат, - деди Навальный шайлоочуларга кайрылып.

Мамлекеттик Дума үчүн 18-сентябрдагы шайлоого быйыл он төрт партия катышып жатат.

Коомдук пикирди сурамжылоонун добуш берүү алдындагы жыйынтыктары маселен ВЦИОМ борборунуку бул ирет “Бирдиктүү Орусияны” шайлоочулардын 39,3%, “Левада” борборунун сурамжылоосу 31% колдой турганын көргөзгөн.

Буга чейин Думага 2011-жылы өткөн шайлоонун арты добуштар бурмаланды деп эсептегендердин массалык нааразылык акциялар менен коштолгон эле. Анда “Бирдиктүү Орусия” добуштардын 49, 32% алган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG