Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Орусияда оппозициялык саясатчы соттолду


Алексей Навальный Кировдогу сотто. 8-февраль, 2017-жыл.
Алексей Навальный Кировдогу сотто. 8-февраль, 2017-жыл.

Орусияда оппозициялык саясатчы беш жылга шарттуу түрдө кесилди. Алексей Навальный “Кировлес” иши боюнча айыптуу деп табылды. Ал чечимди жокко чыгаруу үчүн өйдөңкү сот инстанцияларына кайрыларын, саясий ишмердүүлүгүн уланта берерин билдирди.

Орусиянын Киров шаардык соту оппозициялык саясатчы жана антикоррупциялык активист Алексей Навальный уурулук кылган деп таап, 8-февралда беш жылга эркинен шарттуу түрдө ажыратты. Киров шаардык сотунун судьясы Алексей Втюрин чечимди окуду:

- Навальный кылмышты жана уурдоону уюштурган, башкача айтканда, ишенип берилген башка бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө кымырып кеткен.

Навальный менен кошо ишкер Петр Офицеров да айыпталып, ал төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Экөө тең 500 миң рублден айып төлөөгө да милдеттендирилди.

Айыпталгандардын экөө тең күнөөнү мойнуна алган жок. Алексей Навальный ага коюлган айып саясий максатта болуп, аны президенттик шайлоого жолотпоону көздөөрүн билдирди:

- Азыр биз көргөнүбүз, Кремлден келген телеграмма. Бул мени, менин командамды, мен көз карашын чагылдырган адамдарды президенттик шайлоого катыштыруу коркунучтуу деп эсептеген бир телеграмма.

Орусия мыйзамы боюнча Навальныйга коюлган айып анын мамлекеттик кызматка барышына тоскоолдук кылат. Бирок Навальныйдын штабын жетектеп жаткан Леонид Волков соттун чечимин Навальныйдын президенттик өнөктүгүнө сокку ура албайт деди.

Алексей Навальный Киров шаардык сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн апелляциялык арыздар менен кайрыларын, ал каралып жаткан учурунда саясий активдүүлүгүн улантарын билдирди.

8-февралда чыккан соттун чечими 2013-жылы бул иш боюнча башка сот чыгарган чечими дээрлик окшош болуп чыкты. 2013-жылдагы чечимди четке кагуу ийгиликтүү болгондуктан, бул ирет да апелляциялык кайрылуу ийгиликтүү болорун Алексей Навальный белгиледи.

ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун башчысы Георг Линк сот чечимине тынчсыздануу билдирип, ал Навальныйдын саясий укуктарын, анын ичинде президенттик шайлоого катышуу укугун чектерин айтты.

Орусиялык оппозициялык саясатчы Владимир Милов соттун мындай чечими башынан эле күтүлүп келгенине токтолду:

- Муну көпчүлүк күтүп жаткан, 2013-жылдагы айыптоону сөзмө-сөз кайталоосу да таңкалыштуу болгон жок. Бирок мен Навальный жана анын колдоочуларынын маанайы жогору бойдон калып, президенттик өнөктүктү улантуудан кайтпай турганына кубанычтамын.

Навальный жана Офицеровду Киров шаарынын Ленин райондук соту “Кировлестин” иши боюнча 2013-жылы айыптуу деп тапкан. Бирок алар коюлган айыпты мойнуна албай, апелляциялык арыз менен жогорку сот инстанцияларына кайрылган.

Адам укуктары боюнча Европа соту Навальный жана Офицеровдун арызын карап, алардын адилет сотко ээ болуу укугу бузулган, “Кировлес” ишин кадимки эле коммерциялык ишмердүүлүктөн айырмасы жок деп 2016-жылы февраль айында чыгарган чечиминде белгилеген.

Орусиянын Жогорку соту да ошол эле жылы экөөнө карата чыгарылган чечимдерди жокко чыгарып, аны кайра кароого Киров шаардык сотуна жиберген.

Алексей Навальный өткөн жылы декабрь айында президенттик шайлоого катышарын жарыялаган. Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылы болот. Ага азыркы президент Владимир Путиндин катышуусу да күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG