Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Орусия: Улюкаевдин кармалышындагы суроолор


Алексей Улюкаев
Алексей Улюкаев

Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев эки миллион доллар пара алып жатканда кармалды. Улюкаевди ФСБ бир жылдан бери аңдып жүргөнү, мындан президент Путин да кабардар болгону айтылууда. Айрым саясат талдоочулар министр саясий элитанын тирешинин курмандыгы болду дешүүдө.

Экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев 15-ноябрга оогон түнү мамлекеттик “Роснефть” компаниясынан эки миллион доллар пара алып жатканда ФСБ тарабынан кармалган.

Министр “Роснефтинин” “Башнефть” компаниясынын мамлекетке таандык 50% акциясын сатып алышына оң баа берүү үчүн акча сураган делет.

Бирок, "Новая газета" өз булагына таянып, Улюкаев параны колго албаганын, акчалар банк кутучасында болгонун жазууда.

Орусия Тергөө комитети ага "өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө учурунда үй камагында калтырууну соттон сурады.

Дегеле Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) бир жылдан бери Улюкаевдин изине түшкөнү, жайдан тарта министрдин телефон сүйлөшүүлөрү тыңшала баштаганы айтылат. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков кармоо операциясынан Путин да кабардар болгонун билдирди:

- Ага ыкчам иликтөө иши башталгандан тарта эле кабар берилип, бардык маалыматтарды алып турган.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

15-ноябрда премьер-министр Дмитрий Медведев министрдин кармалышын президент Владимир Путин менен талкуулап, тыкыр иликтөө жүргүзүү керектигин айтты. Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин да стандарттуу жооп менен чектелди:

- Бул Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн министрине тагылган өтө олуттуу айып. Албетте, маселеге сот гана чекит кое алат. Биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Мыйзам алдында баары бирдей.

Ал эми “Роснефтиге” кандайдыр бир күнөө коюлган жок. Тергөө комитети компания “Башнефтинин” акцияларын 330 млрд рублге мыйзамдуу сатып алганын билдирүүдө.

Улюкаев акыркы убакта кармалган ири аткаминерлердин бири. Быйыл жайда 400 миң доллар пара алууга шектелип Киров облусунун губернатору Никита Белых кармалган. Сентябрда ИИМдин полковниги Дмитрий Захарченконун үйүнөн тогуз миллиард рубль чыгып, көпчүлүктү таң калтырган. Буга чейин да коррупциялык иштин алкагында миллиондогон рубль жана башка валюталар орус аткаминерлеринин үйүнөн табылган.

Ошентсе да Улюкаевдин кармалышын саясатка байланыштыргандар да жок эмес. “Роснефтинин” башчысы Игорь Сечин президентке жакын адам катары саналат. Айрым талдоочулар экономика министри баары бир өзүнөн жогорку жетекчиликтин көрсөтмөсүн аткарып, "Роснефтиге" оң чечим чыгармактыгын айтышып, ал үчүн пара талап кылганына таң калышууда.

Министр либералдык көз карашы үчүн жабыркады дегендер да бар. Өлкөдөгү кризистик жагдайды эске салган МГИМОнун профессору, саясат талдоочу Валерий Соловей Улюкаевдин ишин акыркы айлардагы Орусиядагы экономика жана саясий элиталар ичиндеги кармаш деп сыпаттайт:

- Бул Орусияга сунуштала турган реформалар модели, келечек үчүн күрөш. Алексей Кудрин даярдап жатат деген либералдык реформалар модели тууралуу көп укканбыз. Бирок, ага атаандаш дагы модель даярдалып жатканын көпчүлүк биле бербейт. Ал күч түзүмүндөгүлөр жана мунайчылардын колдоосу менен даярдалууда. Ошол учурда либералдык өзгөрүүнү кыялданып, алардын жолун тоскондор эмне болорун көрсөтүп коюу үчүн алдын ала ушундай сокку урушту.

Сөз болуп жаткан киши, Орусиянын экс-каржы министри Алексей Кудрин “Твиттердеги” баракчасына министрдин кармалышы боюнча:

- "Роснефть" - Улюкаевдин иши боюнча азырынча суроолор көп. Объективдүү иликтөө жүргүзүү зарыл, – деп жазды.

Алексей Кудрин.
Алексей Кудрин.

60 жаштагы Улюкаевдин мамлекеттик кызматкер катары эмгек жолу 1991-жылдан башталган. 2000-2004-жылдары каржы министринин (Кудриндин), 2004-2013-жылдары Борбордук банк төрагасынын биринчи орун басары кызматтарында, 2013-жылдан тарта азыркы ордунда иштеген.

Улюкаев кедей эмес. Маселен, өткөн жылкы декларациясында ал бир жылда 60 млн рубль, жубайы 15 млн рубль иштеп тапканы жазылган. Ага бир нече автоунаа, жер тилкелери, батирлер жана дачалар таандык экени көрсөтүлгөн.

Орусия кылмыш кодексине ылайык, Улюкаев азыр тагылган күнөө боюнча соттолсо, 15 жылга эркинен ажыратылышы же алган парасынан 70 эсе көп айыппул төлөшү күтүлөт.

Бул арада өлкөдөгү айрым саясий күчтөр өкмөттүн отставкасын талкуулай башташты.

XS
SM
MD
LG