Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:04

Навальныйды дарылаган медкызматкерлер бийликтен басым болгонун четке кагышты


Алексей Навальныйды Омск ооруканасынан Германияга чыгарып баратышат. 22-август, 2020-жыл.

Кремлди сындап келген Алексей Навальный алгач түшкөн Омск шаардык ооруканасынын башкы дарыгери медкызматкерлерге жергиликтүү бийликтен басым болбогонун билдирди.

Омск шаарынын №1 тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Александр Мураховский аларга басым көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматтарды четке какты.

«Биз бейтапты дарылап, өмүрүн сактап калдык. Анын дарылоосуна эч ким кийгилишкен жок жана кийлигишпейт да болчу», - деди Мураховский 24-августта өткөргөн басма сөз жыйынында.

Журналисттердин: «Эмне себептен ооруканада тартип коргоо кызматкерлери жүргөн?» - деген суроосуна башкы дарыгер алардын эмне кылып жүргөнүн жана ким экенин билбей турганын айтты.

Навальныйдын тарапташтары дарыгерлерди аны дароо Германияга чыгарып кетүүгө уруксат бербегени үчүн айыптап жатышат. Алар бийлик медкызматкерлерге басым кылган деп эсептешет.

Уулануунун белгилери менен оор абалда ооруканага түшкөн саясатчыны эки күндөн кийин гана Германияга чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк болгон. Мураховский немис дарыгерлери менен байланышта экенин, Навальныйдын абалы туруктуу экенин билдирди.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, эстен танып жыгылган. Учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон.

Ал учакка отурар алдында Богашево аэропортундагы кафеден чай ичкен. Саясатчынын тарапкерлери «Навальный дал ушул жерден чайга бир нерсе кошуп ууландырылышы мүмкүн» деп шектенип жатышат.

Мураховский Навальныйдын негизги диагнозу – «зат алмашуунун бузулушу» деп сыпаттап, «бул балким учакта отурганда канындагы канты кескин азайып кетишинен болушу мүмкүн» деп билдирген.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG