Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Навальный жаткан ооруканада коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный жаткан оорукананын сыртындагы полиция кызматкерлери. 23-август, 2020-жыл. Берлин.
Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный жаткан оорукананын сыртындагы полиция кызматкерлери. 23-август, 2020-жыл. Берлин.

Германиянын полициясы орус оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный жаткан Берлиндеги ооруканада коопсуздук чараларын күчөткөнү маалым болду.

Навальный 22-августта Омскидеги ооруканадан Германияга атайын санавиация менен жеткирилген.

Азырынча Берлиндеги Шарите ооруканасы саясатчынын абалы тууралуу эч кандай комментарий бере элек. Бирок каттамды уюштурган активисттердин тобу анын абалын «тынчсыздандырарлык» деп айтышууда.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, эстен танып жыгылган. Учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон.

Ал учакка отурар алдында Богашево аэропортундагы кафеден чай ичкен. Саясатчынын тарапкерлери «Навальный дал ушул жерден чайга бир нерсе кошуп ууландырылышы мүмкүн» деп шектенип жатышат.

Омск шаарынын №1 тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Александр Мураховский Навальныйдын негизги диагнозу – «зат алмашуунун бузулушу» деп сыпаттап, «бул балким учакта отурганда канындагы канты кескин азайып кетишинен болушу мүмкүн» деп билдирген.

Дарыгерлер Навальныйды чет жакка дарыланууга чыгарып кетүүгө дароо макул болушкан эмес.

XS
SM
MD
LG