Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Навальный Коррупцияга каршы күрөш фонду жоюлганын билдирди


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы жана Коррупцияга каршы күрөш фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный аталган фонд жоюлганын кабарлады.

Ал "Биз Коррупцияга каршы күрөш фондун жаап жатабыз. Мындан тогуз жыл мурун мен түзгөн коммерциялык эмес уюмдун күнү бүттү, анткени аны бизден тартып алышты" деп жазды.

Навальный чечимин бизнесмен Евгений Пригожин менен байланышы бар деген, шаардагы мектептерди жана бала бакчаларды тамак-аш менен камсыздаган "Москвалык окуучу" компаниясынын доо-арызы менен негиздеди.

Сот былтыр жыл этегинде Навальный менен анын өнөктөшү Любовь Соболдон аталган компаниянын эсебине 88 миллион рубль өндүрүп берүү тууралуу чечим чыгарган. Навальный бул өтө чоң сумма экенин айтып, аны чогултуунун зарылдыгы да жок экенин белгиледи.

Алексей Навальный Коррупцияга каршы күрөш фондун 2011-жылы түзгөн. Былтыр октябрда Орусиянын Юстиция министрлиги бул фондду «чет өлкөлүк агенттердин» тизмесине кошкон. Андан эки ай мурун Тергөө комитети «Коррупцияга каршы күрөш фондуна» «арам акчаны адалдаган» деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Башында 1 миллиард рубль тууралуу айтылган, кийин бул сумма 75 миллион рублга азайган. Фонддун Орусиянын кырктай шаарындагы кеңселери тинтүүгө алынган.

Навальный жана анын санаалаштары орус бийлиги таасирдүү аткаминерлер аралашкан коррупциялык иштерди иликтөөгө тоскоол болуп жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG