Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Навальныйдын дарыгерлери химиялык заттар боюнча эксперттерден жардам сурашууда


Навальныйды Берлиндеги ооруканага которуу учуру. 22-август, 2020-жыл.
Навальныйды Берлиндеги ооруканага которуу учуру. 22-август, 2020-жыл.

Берлиндеги “Шарите” клиникасы уу жана химиялык заттар боюнча эксперттерден жардам сурашты.

Бул тууралуу "Der Spiegel" журналы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, дарыгерлер Мүнхендеги уу жана химиялык заттарды изилдеген аскердик жабык лабораторияга кайрылышкан.

Мындан тышкары оорукана Британиядагы «Портон-Даун» аскер лабораториясына да кайрылганы кабарланды. Бул лаборатория орусиялык полковник Сергей Скрипал менен анын кызынын диагностикасын иликтеген.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный 20-августтан бери комада жатат. Аны дарылап жаткан “Шарите” клиникасы жума күнү саясатчынын саламаттыгы тууралуу маалымдаган. Ал дагы деле жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканы, абалы турукташып калганы кабарланды.

20-августта Томск шаарынан Москвага учуп бараткан Алексей Навальный учакта өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Учак Омскиге чукул конуп, Навальный “Тез жардам” ооруканасына жеткирилген.

Жакындары Навальный ууландырылган деп шектенүүдө.

22-августта Навальныйды Берлиндеги ооруканага которушкан.

XS
SM
MD
LG