Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Берлиндеги оорукана Навальный комадан чыга электигин билдирди


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Германиянын баш калаасы Берлиндеги "Шарите" ооруканасы орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы тууралуу жаңы маалымат таратты.

Анда саясатчынын саламаттыгы бир аз жакшырып баратканы айтылганы менен догдурлар комада кармап турушканы белгиленди.

Навальный мурдагыдай эле жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган абалда дарыланып жатканы маалым болду.

"Абалы оор. Бирок өмүрүнө олуттуу коркунуч жок. Мурдагыдай эле бейтаптын ууланышынын узак мөөнөттүү кесепеттерин жоромолдоо кыйын", - деп жазылган клиниканын билдирүүсүндө.


44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Навальныйдын тарапкерлери саясатчы ууландырылганын айтышкан. Берлиндеги "Шарите" клиникасы алгачкы текшерүүлөр мындай божомолду ырастаганын билдирген. Бирок Омскидеги оорукананын дарыгерлери маалыматты четке кагып, немис догдурлары "ууландыруу" тууралуу шашылыш чечим чыгарып жатканын билдирген.

27-августта орус прокурорлору Навальный туш болгон окуяда кылмыштын белгилери жок экенин маалымдашкан.

XS
SM
MD
LG