Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Меркел Навальныйга кастык кылгандардын жоопкерчилигин кароого чакырды


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Германиянын канцлери Ангела Меркел жана тышкы иштер министри Хайко Маас орус бийлигине кайрылып, оппозиционер Алексей Навальныйга зыян кылгандардын жоопкерчилигин кароого чакырышты.

Меркел менен Маастын кайрылуусу Навальный ууланганы тууралуу Берлиндеги «Шарите» ооруканасы маалымат тараткандан соң жарыяланды.

Немис дарыгерлеринин айтымында, Кремлди сындап келген Алексей Навальный «холинэстераза ингибиторлору» деп аталган активдүү заттардын тобуна ууланган болушу мүмкүн.

Клиниканын сайтындагы кабарда Навальныйдын абалы оор, бирок өмүрүнө коркунуч жок экенин жазылган.

44 жаштагы саясатчы 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, эстен танып жыгылган. Учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон.

Ал учакка отурар алдында Богашево аэропортундагы кафеден чай ичкен.

Навальный Германияга 22-августта жеткирилген.

XS
SM
MD
LG