Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Путиндин миллионер жансакчылары


Владимир Путин жана анын ошо кездеги коопсуздук кызматын жетектеген Виктор Золотов. 2004-жылы тартылган сүрөт.
Владимир Путин жана анын ошо кездеги коопсуздук кызматын жетектеген Виктор Золотов. 2004-жылы тартылган сүрөт.

«Новая газета» менен Коррупция жана уюшма кылмыштуулукту иликтеген эл аралык борбор (OCCRP) биргелешкен иликтөөсүн жарыялады. Анда орус президенти Владимир Путиндин жансакчылары жана алардын жакындары кантип заматта миллионерге айланганы тууралуу сөз болот.

1920-жылдары Москванын четинде, азыркы Одинцово районунда НКВД (Ички иштер элдик комиссариаты) кызматкерлерин азык-түлүк менен жабдыган совхоз түзүлөт. СССР тараган соң жери совхоз мүчөлөрүнө бөлүштүрүлөт. 1200 кишиге 1,7 гектардан тийет.

Одинцовонун жетекчиси акция чыгарып, ар бир жер тилкесин агезде 210 рубль турган 15тен акцияга айырбаштайт. Мунун артында кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү же аларга байланышы бар ишкерлер турган делет. Кийинчерээк кошумча акция чыгарышып, аны ошол ишкерлер алат да мурдагы совхоздун акцияларынын көзөмөл пакетине ээ болуп калышат.

Жерди каалашынча бөлүштүрүүгө укук алгандар 12 гектарын Федералдык күзөт кызматынын балансына өткөрүп беришет. Андан ары жер "муктаж болгон офицерлерге" базар баасынан ондогон эсе арзан карматылган. Ошентип 2003-2004-жылы президенттин мурдагы жансакчылары же алардын жакындары заматта миллионерлерге айланган делет иликтөөдө.

Арасынан эң белгилүүлөрү:

Виктор Золотов – президенттин коопсуздук кызматынын жетекчиси.

Олег Климентьев – узак жылдар Золотовдун орун басары, кийин коопсуздук кызматын жетектеген.

Евгений Зиничев
Евгений Зиничев

Алексей Дюмин, Евгений Зиничев – президенттин коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкерлери.

- Владимир Путин өз күзөтчүлөрүн жогорку мамлекеттик кызматтарга кое баштаган 2016-жылга чейин алар дээрлик таанымал эмес болчу. Виктор Золотов – жаңы, кубаттуу атайын кызмат – Улуттук Гвардиянын (Росгвардия) жетекчилигине дайындалды. Алексей Дюмин – Тула облусунун губернаторлугуна келди. Евгений Зиничев – Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп калды. Президенттин коопсуздугун күзөткөн башка да мурдагы кызматкерлер жогорку орундарды ээлешти. – дейт иликтөөнүн автору, “Новая газетанын” журналисти Роман Анин.

Маселен, Золотовдун уулунуку делген 90 сотыхка заңгыраган хансарай салынган. Иликтөөдө жердин өзү эле 8-10 млн. доллар деп айтылат. Анын жанындагы тилке Золотовдун күйөө баласына таандык экени көрсөтүлөт.

Бул аймак Рублевка шоссесинин боюнда, президенттин резиденциясына жакын. Ошондуктан бүгүнкү Орусиядагы бирден-бир кымбат жер тилкелери саналат. Мында башка да аткаминер, ишкерлердин үйлөрү бар.

Иликтөөчүлөр жогоруда сөз болгон Климентьев жерин саткандан кийин 21 млн. рубль киреше тапканын 2015-жылкы декларациясында көрсөткөн деп белгилешет.

"Путин жакындарын кармап бербейт"

Совхоздун жери акцияга оңой-олтоң алмаштырылган эмес. Алдамчылык, коркутуу жолу менен алынгандары болгону, атүгүл азыркыга чейин соттошуп келаткандар бар экени баяндалат фильмде.

Акыйкат издеп жүргөндөрдүн бири Николай Иваров аттуу карыя. Атасы жерди акцияга айырбаштоосу мүмкүн эместигин, анткени ошол процесстен эки жыл мурда көзү өтүп кеткенин далилдөө кыйынга турууда. Соттошуп жүргөн учурда кимдир бирөөлөр аны катуу сабап кетишкенин, бирок кылмыш иши жабылып калганын айтат.

“Бир нече жылдан бери Путинге жазып келатыпсыз. Кандайдыр жардам берерине ишенесизби?”деген журналисттин суроосуна пенсионер:

- Башында жардам берер дегем. Бирок алар катты ылдый жактагыларга жөнөтүшөт. Ал каттар дааратканага кетти деп эле айтып атам. Путин жакындарын кармап бербейт. Сан-миң жолу айтпады беле муну, – деп жооп узатты.

Навальный да Золотов тууралуу иликтөөлөрдү жасаган
Навальный да Золотов тууралуу иликтөөлөрдү жасаган

Жогоруда сөз болгон Росгвадиянын башчысы Виктор Золотовду жана анын балдарын оппозиционер Алексей Навальный да коррупцияга, мыйзамсыз байлык топтоого айыптап чыккан. "Новая газета" да мурдараак генералдын үй-бүлөсүнө таандык делген миллиарддаган рублге барабар мүлктөрдү тапканын маалымдаган.

"Тууганынан да жакын болуп калышкан"

“Азаттыктын” орус кызматына пикирин билдиргендер президент мындан кабардар экенин белгилешет. Ошентсе да коопсуздугун күзөткөндөрдү башка саясий санаалаштарынан жакын көрүп, кыңыр иштерине көз жуумп келатат деген ойдо.

Орусия Мамлекеттик Думасынын мурдагы депутаты Геннадий Гудков:

- Президенттин ишеними жагдайга, сындарга, же анын “мени сатып кетти” деген сыяктуу маселелерине байланыштуу өзгөрүп турат. Качандыр бир ага Бастрыкин (Орусиянын тергөө кызматынын жетекчиси) абдан жакчу. Президент угуп-көргүсү келгендин баарына төп келчү. Андан мурда да башка кишилер болгон. Башкалар сыяктуу эле Владимир Путиндин да турмушта позициялары өзгөрүп, бүгүн бирөөнө, эртең башкасына көбүрөөк ишенет. Азыр бийлигинин акыркы стадиясына киришкенин түшүнүп турган чакта ал - жеке амбициясы жок, өзүнө иттей берилгендик менен кызмат өтөгөн, чоң начальник эсептегендерге ишенүү керектигин түшүнүп турат. Президенттин айланасындагы кадрдык жүрүштөрдөн улам ушуну аңдаса болот.

“Собеседник” гезитинин иликтөөчү журналисти Сергей Ежов:

- Владимир Путин өтө узак убакыттан бери бийликте отурат. Демек, бу кишилер менен өтө көп убактысын өткөрдү. Жада калса өзүнүн туугандарына караганда көп убакыт чогуу болду. Мисалы, атасынын бир тууганынын уулу Игорь Путин менен сүйлөшпөй жүргөнүн билебиз. Анткени мамиле тээ мурда болгон жана бир үйдө узак деле чогуу жашашкан эмес. Ал эми күзөтчүлөр менен тууган эле болуп калышкан деп ойлойм. Ошон үчүн аларга маанилүү күч түзүмдөрүн ишенип тапшырып атат.

Кремль азырынча иликтөө тууралуу бир жаңсыл реакция жасай элек. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Мен ал материалдарды көрө элекмин. Эч нерсе айта албайм” деген пикирин дүйшөмбүдө билдирди.

Кыргызстандагы жансакчы-аткаминерлер

2016-жылы кызматтык секирик бир гана Путиндин коопсуздугун күзөткөндөрдө болгон жок.

Улан Исраилов жана Алмазбек Атамбаев. 7-июль, 2017-жыл.
Улан Исраилов жана Алмазбек Атамбаев. 7-июль, 2017-жыл.

Агездеги Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Улан Исраилов Ички иштер министрлигине дайындалган. Андан бир нече ай мурда башка жансакчылар Болот Сүйүмбаев менен Дамир Мусакеев Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары рангындагы кызматтарга коюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG