Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Сүйүмбаевдин дипломунун чоо-жайы такталды


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Болот Сүйүмбаев иштен бошотулду.

Мунун алдында Дене тарбия жана спорт академиясы Болот Сүйүмбаевдин диплому тууралуу маалыматты төгүндөгөн.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары "анын жогорку билим тууралуу диплому жасалма болушу ыктымал" деп жазып чыгышкан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири катары таанымал Сүйүмбаев өткөн айда атайын кызматтын жетекчисинин орун басарлыгынан кеткен. Бирок көп узабай аны ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков азыркы кызматка дайындаган. Бул президент Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчынын ортосундагы саясий тиреш тууралуу талкууга жем таштаган жана премьердин иштен кетишинин башкы себеби катары да айтылган.

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиевдин "Азаттыкка" айтканы боюнча, Болот Сүйүмбаев аталган окуу жайга 1987-жылы эле тапшырган. Ар кандай себептер менен эки жолу окуудан чыгарылган, бирок окуусун эки сыйра калыбына келтирип, натыйжада 2012-жылы "дене тарбия мугалими" деген адистиктеги диплом алган:

Токтобек Иманалиев.
Токтобек Иманалиев.

- Бул өзү жетим бала экен, биздеги өздүк иши боюнча убагында чоң атасы багып алыптыр. Ошондо чамасы сабакка жетишпеген учурлары болсо керек, окуудан чыгып калыптыр, кайра окуусун жандандырыптыр. Андан кийин да окуудан чыгарылып, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, акыркы жолу, 2012-жылы президенттин аппаратында иштеп жатканда окуусун калыбына келтириптир. Акыркы эки курсун, башкача айтканда 5-6-курстарды "экстерн" менен бүтүрүү боюнча президенттин аппаратынан, министрликтен өтүнүч каттар бар экен. Анан окууну "экстерн" менен бүткөн, окуу китепчесинде баалары турат. Экзамен, зачет алган мугалимдердин баалары турат. Экзамендердеги протоколдор турат. Баары эле жайында. "Диплому жасалма, сатып алды" деген сөздөр чындыкка коошпойт.

Жогорку Кеңеш 19-апрелде Сапар Исаковду премьер-министрлик кызматтан кетирген. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов аны "президент менен саясий тирешке барды" деп айыптаган жана буга мисал катары президент иштен кетирген Сүйүмбаевди кайра кызматка койгонун айткан.

Сапар Исаков кызматтан кеткен күнү "Апрель" телеканалы менен болгон маегинде өзүнүн иштен алынганын Болот Сүйүмбаевди дайындаганы менен байланыштырууга болбой турганын айткан. Ал Сүйүмбаевди "иш билги кадр" деп мактаган:

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- Болот Сүйүмбаевди урматтуу Сооронбай Шарипович жумуштан алган эмес. Ал арызын жазып өзү кетти. Менин билишимче, Сооронбай Шарипович менен Болот Тураровичтин мамилеси жакшы. Көп жылдан бери партиялаш болуп жүрүшкөн. Ага мамилеси абдан жакшы. Мен эмнеге Болот Тураровичтен "азыркы кызматка келип иштеп бериңиз "деп сурандым? Мен бул кишинин жаман нерсесин деле көргөн жокмун. Тергөө органдары менен иштеп жүрчү, тажрыйбасы да бар болчу. Азыр эми кандай болоорун көрөбүз, бирок бул киши иштеп берсе жакшы эле болмок. Ишти берип туруп, сынап көрүш керек. Эгер тартып кетсе - жакшы, тарта албаса - анда иштен кетиши керек. Бирок Болот Турарович жумушту тартып кетет.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын жетекчиси үчүн "дене тарбия мугалими" деген диплом жетишсиз деген пикирде:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Мамлекеттик кызматтын жетекчилерине коюлган талаптар жазылган мыйзам азыр эсимде жок экен. Бирок бул жерде же экономикалык же юридикалык билим болушу керек. Себеби алар Салык кызматы менен иштейт. Булардын негизги максаты - салык багытындагы кылмыштарды изилдеши керек. Укук коргоо органдарындагы иш тажрыйбасы болсо жакшы болот эле. Мыйзам боюнча, маселен, башкы прокурорлукка талапкерлерге коюла турган талаптар бар. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысына талаптар жазылганбы же жокпу, эсимде жок. Кызматында кылмыш ишин козгоп, аны тергеп, иликтегенден кийин бул боюнча албетте, адистиги болушу керек. УКМКда иштегенден кийин юридикалык билими жок бекен? Эгер андай билими жок болсо азыркы кызматына билими туура келбейт.

Мамлекеттик кадр кызматынын мурунку жетекчиси Чолпонкул Арабаев Кыргызстанда жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштеген айрым адамдардын дипломдоруна, алган билимине байланыштуу талаш-тартыш чыккан учурларды кыйытып өттү. Ал бул чөйрөдө көзөмөлдү күчөтүш керек экендигин билдирди:

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

- Эгемендикке ээ болгондон бери ЖОЖдордо жогорку билим жөнүндө дипломго мамлекет жакшы көзөмөл жүргүзбөй келатат. "Диплому жасалма экен, окуган эмес экен" деп депутаттардын арасынан, мамлекеттик жогорку кызматты ээлеген адамдар жөнүндө, маселен мурунку президенттин жанында жүргөн, эл арасында "шоопур" деген каймана аты бар адам тууралуу сөздөр коомчулукта айтылып жүрүп эле басылып калды. Ошондой эле айрым губернаторлор жөнүндө да "окубаптыр" деген сөздөр коомчулукта айтылып келген. Ошондуктан министрлик эми мындан ары ушундай күдүк ойлор жаралбашы үчүн жогорку билим боюнча дипломду көзөмөлгө алышы керек.

Өткөн айда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болуп дайындалган Болот Сүйүмбаев мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы катары белгилүү жана 2010-жылга чейин анын жеке жансакчысы болгон.

Сүйүмбаевдин зоболосу Атамбаев бийликте турган кезде көтөрүлгөн жана алгач Атамбаев өкмөт башчы, андан кийин президент болгондо анын кеңешчиси болуп кызматта турган.

2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары рангында тогузунчу башкы башкармалыкты жетектеп, андан кийин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башчысы болуп турган. Атамбаев былтыр президенттиктен жуп кетээр алдында ага генерал-майор наамын ыйгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG