Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Президент менен премьердин жүрүштөрү


Президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Сапар Исаков. 29-январь, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Сапар Исаков. 29-январь, 2018-жыл.

Президенттин сынынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басарлыгынан кеткен Болот Сүйүмбаевди өкмөт Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка жетекчи кылып дайындады.

Саясий талдоочулар кадр маселесине байланыштуу бул жагдайды президент менен өкмөт башчынын тиреши катары баалап жатышат. Анткени Сүйүмбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы катары саналат.

7-апрель күнү УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен кошо анын орун басары Болот Сүйүмбаев да кызматтан кеткен. Андан көп өтпөй эле Сүйүмбаевди өкмөт башчы Сапар Исаков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчылыгына дайындады. Саясий абал кызып турган маалда мындай кадрдык жүрүштөр талкууларды күчөттү.

Коомдук ишмер Алмаз Акматалиевдин баамында, президент ишеним көрсөтпөгөн кадрга өкмөт башчы өз укугунан пайдаланып кызмат бериши - эки тараптын тирешинин ачык белгиси.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Исаков Сүйүмбаевди дайындашы - карама-каршылыктын жеткен чеги. Экс-президент менен азыркы президенттин тирешинин уландысы, Жээнбеков менен Исаковдун тирешинин башталышы. Эми бул өкмөттүн кызматтан кетишин тездетет.

Саясатчы Улукбек Кочкоров коомчулукта бул кадрдык жүрүш Сапар Исаковдун президентке карата каршылык ишарасы катары кабылданып жатканы менен анын саясий кырдаалга таасири деле тийбейт деген пикирде. Ал өкмөттүн кызматтан кетиши күтүлүп жаткан чакта премьердин кызматтык дайындоолору маанилүү эмес деп эсептейт.

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

- Бул майда саясий интригалардын эле бири. Исаков Сүйүмбаевди дайындашы менен эле экс-президенттин позициясы бекемделип калган жок. Ошондой эле Сапар Исаков да өзүнүн командасына тирек боло турган кадрды алып келген жок. Анын үстүнө өкмөтүн өзүнүн күнү бүтүп баратат.

Парламент депутаты Мирлан Бакиров Сүйүмбаевдин жаңы кызматка дайындалышынын артында саясий күчтөрдүн тиреши турат деген көз караштан алыс. Анын айтымында, бул премьердин Баш мыйзамдагы эле ыйгарым укуктарынын алкагындагы кадамдары.

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

- Президент, өкмөт башчы өзүнүн ыйгарым укугунан пайдаланып кадрларды кызматтан алып, коюп жатышат. Кечээ парламентте маселе көтөрүлбөгөнү бул "өкмөт башчынын укугу" деп кабыл алынды. Мен бул жерден тирешти көргөн жокмун. Президент кызматтан алган адам өкмөткө дайындалышынын моралдык жагы эле болушу керек.

2016-жылы референдум аркылуу өзгөртүлгөн Баш мыйзамга ылайык, премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейген, ал башка бийлик бутактары менен кеңешпей туруп айрым кызматтарга жетекчилерди дайындай алат.

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев мындан ары президент менен премьер тил табыша албай кала турган болсо, өлкөдө кош бийликтин белгилери пайда болорун четке какпайт.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

- Кептин баары Баш мыйзамда. Эми эки башкаруучу борбор пайда болот. Мына, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы өкмөт башчыга, күч органдары президентке иштейт. Анан Кыргызстанда саясий топтордо дайыма карама-каршылык болуп турат. Мына азыр деле "мурдагы президент, азыркы президент" деп атышпайбы. Бул кош бийликти орнотушу мүмкүн.

Кеп болуп жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жаңы дайындалган жетекчиси Болот Сүйүмбаев экс-президенттин жакын адамы катары белгилүү. Ал буга чейин УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Сүйүмбаев 2000-жылдардын башынан тартып экс-президенттин жансакчысы болгон. Ага Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетээрде генерал-майор наамын тапшырган.

18-апрель күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары болуп Исабек Султаналиев дайындалды. Султаналиев буга чейин УКМКнын Тергөө башкармалыгынын 1-бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Жакында эле парламентте Султаналиевдин ишмердүүлүгү сынга алынган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG