Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Болот Сүйүмбаев Финполдун башчылыгына дайындалды


Болот Сүйүмбаев. Сүрөт Kaktus.media сайтынан алынды
Болот Сүйүмбаев. Сүрөт Kaktus.media сайтынан алынды

Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын башчылыгына дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын мурдагы директору Замирбек Осмонов бүгүн иштен алынган. Анын ордуна Сүйүмбаевди дайындоо тууралуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Буга чейин Болот Сүйүмбаев УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Ал өткөн аптада президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири катары белгилүү.

Сүйүмбаев 2000-жылдардын башынан тартып экс-президенттин жансакчысы болгон. Ага да Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетээр алдында генерал-майор наамын тапшырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG