Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Олигарх Усманов Навальныйды сотко берди


Өзбекстанда туулган орусиялык магнат Алишер Усманов. 2014-жыл
Өзбекстанда туулган орусиялык магнат Алишер Усманов. 2014-жыл

Буга чейин Алексей Навальный бизнесменди "кылмыштуу ишмердикке тиешеси бар" деп айтып чыккан эле.

Усманов бул билдирүүнү "кызыл чектен өткөндүк" деп баалап, жалган маалымат таратканы үчүн саясатчыны сотко берерин билдирген. Миллиардер айткандай эле 13-апрелде сотко кайрылды.

- Сотко Усманов Алишер Бурхановичтин атынан Навальный Алексей Анатольевичке жана Коррупцияга каршы кору мамлекеттик эмес уюмуна каршы доо арыз түштү, – деди Москванын Люблино райондук сотунун маалымат катчысы Людмила Морозова.

Усманов сотто компенсация талап кылабы же жокпу азырынча маалымдала элек. Навальный жетектеген Коррупцияга каршы күрөшүү фонду марттын башында орус премьер-министри Дмитрий Медведев жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда оппозиция миллиардер Усмановду паракорчулукка айыптаган.

Навальный Медведевдин байлыгын тапты

Навальный Медведевдин байлыгын тапты

Орусиялык оппозициячыл активист Алексей Навальный орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин миллиарддаган рублга бааланган мүлкүн ашкерелегенин билдирип чыкты.

Алишер Усманов ишмердигинин баары мыйзам чегинде жүргөнүн ырастоодо. Бизнесмен 11-апрелде ТАСС агенттигине Навальныйдын антикоррупциялык тобунун өткөн айда жарыялагандарын "жалган" деп атап, атайын көңүл бурбай келгенин билдирген болчу.

Москвада коррупцияга каршы уруксатсыз акция уюштурду деп айыпталып, 15 күн абакка камалып чыккан Алексей Навальный Ютубдагы каналы аркылуу ишкерди дагы айыптады:

- Мен аны айыптай берем. Дмитрий Медведевге таандык кайрымдуулук фонддорундагы системадагы документтерге таянып аны пара берди деп эсептейм. Ал суммасы 5 миллиард рубль турган хан сарайды "Соцгоспроект" фондуна белекке берген. Менде бул боюнча расмий кагаздар турат. Мен муну коррупция деп эсептейм.

Коррупцияга каршы кору иликтөөсүндө орус премьер-министри Дмитрий Медведевге таандык делген бир топ мүлктөрдү жарыялаган. Анда хансарайлардын бирин Медведевге Өзбекстанда туулган орусиялык магнат Усманов белек кылганы, бул коррупция экени айтылат.

Суммасы 70 млрд рублден ашкан мүлктөрдү өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген Медведев кантип тапты деген суроого жооп издегендер 26-мартта Орусиянын ондогон шаарында нааразылык акцияларын уюштурган.

Ал эми Медведев бул боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып иликтөөнү “сандырак” деп атаган.

- Бул кимге пайдалуу экенин билесиңерби? Бул ушуга окшогон материал, сюжеттерди заказ бергендерге пайдалуу. Мындай адамдардын саясий кызыкчылыгы бар.

Орус президенти Владимир Путин Навальныйды 2018-жылы өтчү президенттик шайлоого өзүн көрсөтүү үчүн митингдерди колдонууда деп сынга алган. Бир нече күн мурда эркиндикке чыккан оппозициянын лидери Навальный 12-июнда да массалык акция өткөрүү ниетин билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG