Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:44

Орусияда "Димонго" каршы демонстрациялар өттү


26-мартта Орусиянын ондогон шаарларында антикоррупциялык акциялар өттү. Ага миңдеген адамдар катышканы, жүздөгөн адамдар кармалганы кабарланды.

Борбор Москвада уруксат берилбегенине байланыштуу сейилдөө форматында өткөн митингге 8 миңден 20 миңге чейин адам чыкканы айтылды. Алардын бири Алина “Азаттыктын” орус кызматына сейил-митингге чыккан максатын чечмеледи:

- Өлкөмдүн тагдырына кайдыгер болбогон үчүн мында келдим. Мен коррупцияга, жогору жактагылардын каалаган башаламандыгын жасоосуна каршымын. Мен ушул позициямды билдирейин деп келдим. Бийлик бул акцияга көңүл бурушу керек.

Митингге чыккандар дээрлик жаштар болду. Алар “Уят”, “Өкмөт отставкага кетиши керек”, “Путин ууру”, “Димон акчаны кайдан таптың” жана башка жазуулары бар плакаттар менен жүрүштү.

Укук коргоочу “ОВД-Инфо” уюму алардын 700ү күч менен кармалганын кабарлады. ТАСС агенттиги кармалгандар 500 деп жазды. Кармалгандар арасында митингдин демилгечиси, оппозициялык саясатчы Алексей Навальный жана анын Коррупция менен күрөшүү фондунун кызматкерлери да бар. Алардын соту 27-мартка белгиленди.

Полиция Навальныйды кармап кетүүдө. 26-март, 2017-жыл
Полиция Навальныйды кармап кетүүдө. 26-март, 2017-жыл

Санкт-Петербургда митингчилердин саны жети миңге чукул болду. Полиция алардын 50сүн кармаганы маалымдалды.

Дагестанда 150 активист кармалды. Башка шаарларда да ондогон адамдар кармалганы кабарланууда, ушул тапта алар такталып жатат. Ар бир кармоолор сайын митингдегилер полицияны жаалап кыйкырып турушту.

Мындан тышкары, Тула, Краснодар, Нижний Новгород, Самара, Хабаровск, Екатеринбург жана башка бир катар шаарларда да митинг өткөрүүгө полиция жолтоо болду.

Навальный марттын башында “Ал силерге Димон эмес” деген иликтөөсүн жарыялаган. Анда оппозициячы орус премьери Дмитрий Медведев интернет колдонуучулары кыял-жоругунан улам Димон деп тамашалаганчалык эмес, ал жөн гана сырткы имиджи, а чынында миллиарддарды уурдаган деп айтып чыккан. Буга Медведевдики деп Орусия аймагындагы хансарайларды, яхталарды, Италиядагы гектарлаган аянтты ээлеген жүзүмзарды, вилланы мисал келтирген. Булардын жалпы суммасы 70 млрд рублдан ашык деген Навальный бюджеттик кызматкерде мынча байлык кайдан деп суроо коет.

Орус өкмөт башчысына таандык делген хансарай, Санкт-Петербург.
Орус өкмөт башчысына таандык делген хансарай, Санкт-Петербург.

А бирок, ал суроого орус бийлиги эч кандай реакция жасап, жооп берген эмес. Буга байланыштуу Навальный интернет аркылуу бүтүндөй орусиялыктарга кайрылып, 26-мартта антикоррупциялык митинг өткөрүүгө чакырган:

- Красноярскиде жогорку окуу жайдын ага окутуучусу студенттерине Димон тууралуу фильмди көрсөткөнү үчүн иштен кетиришиптир. Түшүнүүгө болобу? Медведев уурдап, миллиарддап пара алып атса, андан карапайым мугалим жабыркоодо. Аны Медведевдин хансарайлары, жүзүмзарлары үчүн иштен айдап атышат. Биздин 26-марттагы митингибизге байланыштуу Кремль чакчалекей түштү. Өлкөнүн 97 шаарында адамдар көчөгө чыгып, коррупция боюнча суроолоруна жооп издемей болууда. Муну эч ким күткөн эмес. Чынында мен да күткөн эмесмин.

Орусиянын бир топ шаарларында өтүп, миңдеген адамдар чыкканына карабастан мамлекеттик телеканалдар, бийликчил маалымат каражаттары бул акциялар тууралуу үн каткан жок.

Оппозициячы Алексей Навальный мындан төрт жыл мурун да бийликке каршы ири, он миңдеген адамдар чыккан митингдерди уюштурган. 2018-жылы Орусияда өтүүчү президенттик шайлоого катышарын билдирип келет.

Москва: жүздөгөн демонстранттар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG