Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Путин коррупцияга каршы митингди сындады


Орусия президенти Владимир Путин Архангельск шаарындагы жыйында. 30-март 2017-жыл
Орусия президенти Владимир Путин Архангельск шаарындагы жыйында. 30-март 2017-жыл

Президент Владимир Путин “Орусияда нааразычылыкка чыккандарга милиция басым жасоодо” деген айыптоолорду четке какты.

Бул Путиндин 26-мартта өткөн антикоррупциялык акциялар боюнча алгачкы пикири болду.

Орусия президенти Владимир Путин 30-мартта Архангельск шаарындагы жыйында сүйлөп жатып, оппозиция лидери Алексей Навальный 2018-жылы өтчү президенттик шайлоого өзүн көрсөтүү үчүн митингдерди колдонууда деди. Ошондой эле Путин Орусиянын ондогон шаарларында Медведевге каршы өткөн антикоррупциялык акцияларды “араб жазына” салыштырды.

- “Араб жазы” деген окуялар башталарда ушундай инструмент колдонулган. Бул эмнеге алып келди? Аймактагы кандуу окуяларга алып келди. Биз ошондой эле Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштүн бирден бир козгоочу себеби жана шылтоосу болгонун жакшы билебиз. Мындай окуялар биздин коңшубуз Украинада кандай башаламандыктарга себеп болгонун билебиз.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

Президент Путин паракорчулук Орусияда олуттуу көйгөй экенин моюнга алып, бирок саясий күчтөр муну өз кызыкчылыгына пайдалангысы келип жатат деп оппозицияны сындады.

Ал ортодо Москва шаардык соту күч кызматкерлерине каршылык көрсөттү деп айыпталган оппозициялык лидер Алексей Навальныйды 15 күн камоо чечимин күчүндө калтырды. Навальный жана анын адвокаты сот адилетсиз болду дешүүдө. Жактоочусу Ольга Михайлова эми Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылашарын билдирди.

- Адам укуктары боюнча Европа соту оң чечим чыгарарына 100 пайыз ишенип турам. Анткени биз бир нече жолу дал ушундай окуяларды аныктаганбыз. Бирок мында бийлик тарабынан ушунчалык кыжырды кайнаткан мыйзам бузуулар болду.

Навальный 26-мартта Москванын борборунда өткөн коррупцияга каршы уруксатыз митингде кармалып, эртеси баш калаанын Тверь райондук соту ага коомдук тартипти бузууга алып келген, уруксат берилбеген митингдерди уюштурган деп 20 миң рубль (350 доллар) айып пул салган.

- Кечээги окуялар Орусияда шайлоочулардын кыйла эле көбү паракорчулукка каршы күрөштү жактаган талапкердин программасын колдой турганын көргөздү, - деген болчу Навальный камалар алдында.

Навальный Медведевдин байлыгын тапты

Навальный Медведевдин байлыгын тапты

Орусиялык оппозициячыл активист Алексей Навальный орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин миллиарддаган рублга бааланган мүлкүн ашкерелегенин билдирип чыкты.

Оппозиционер полиция кызматкерине баш ийбеди деген айып менен 15 суткага жана анын Коррупцияга каршы уюмунун 12 мүчөсү да кыска мөөнөткө камалышкан. 26-мартта нааразылык акциялары Санкт-Петербург, Тула, Краснодар, Хабаровск, Липецк жана башка шаарларда өттү. Активисттердин эсебинде Москвада миңден ашуун адам кармалган.

Өкмөт шаардык бийлик Москванын борборунда марш жана митинг өткөрүүгө уруксат бербегендиктен, мыйзамсыз акция коомдук тартиптин бузулушуна алып келгенин билдирүүдө.

Нааразылык акцияларын уюштурууга Коррупцияга каршы фондунун "Ал силерге Димон эмес" деген иликтөөсүнүн жарыяланышы себеп болду. 2-мартта чыккан фильмде өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин “жашыруун империясы” - кымбат баалуу мүлкү, жер аянттары, жүзүмзарлары, яхталары жөнүндө көрсөтүлгөн. Навальныйдын кору мунун бардыгы мыйзамсыз жол менен алынган деп эсептейт. Бирок премьер же анын өкүлдөрү бул айыптоолорго үн ката элек.

Transparency International эл аралык уюмуну рейтингинде коррупция боюнча Орусия 176 өлкөнүн ичинен 131-орунда турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG