Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Алишер Усманов Британиядагы эң бай киши


Теги өзбек Алишер Усманов 20.3 миллиард доллары менен Британиянын Sunday Times гезити түзгөн «байлардын тизмесинде» биринчи орунга чыкты. 60ка таяп калган ишкер бизнесин желим баштык чыгаруудан баштап, бүгүн Орусиядагы эң чоң темир иштетүүчү МеталлоИнвест компаниясына ээлик кылат. Усманов ошондой эле британиялык Арсенал Футбол тобунун ацияларынын дээрлик 30 пайызына эгедер. Ал Орусиядагы эң ири интернет компаниясы болгон mail.ru жана Лондон менен Москвада иш алып барган МегаФон чөнтөк телефон операторунун бир топ акцияларына ээ. Өзбекстанда туулган Усманов АКШнын жараны. Ал орусиялык газ жана мунай дөө-шаасы ТНК-БП ишканасындагы акцияларын 2 миллиард фунт стерлингге саткан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG