Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Путиндин "айлакер ашпозчусу" 


Питердик миллиардер Евгений Пригожин менен орус президенти Владимир Путин.
Питердик миллиардер Евгений Пригожин менен орус президенти Владимир Путин.

Москвада «Новая газета» басылмасы питердик миллиардер Евгений Пригожин жөнүндө жаңы иликтөөсүн жарыялады.

«Кремлдеги күчтүү колдоочусу бар» деп айтылып жүргөн орусиялык миллиардер Евгений Пригожиндин ишкердик жолу өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында башталган.

Ошол кезде ал Питердеги «Конкорд кейтеринг» аттуу тамак-аш менен камсыздоочу чакан агенттик ачып, Нева дарыясында сүзүп жүрчү кеме ресторанды иштете баштаган.

2000-жылдардын башында Владимир Путин Пригожиндин бул ресторанына Франциянын ошол кездеги президенти Жак Ширакты, АКШнын президенти кенже Жорж Бушту да ээрчитип барган. Анда ресторандын ээси президенттерди өзү тейлеген.

Пригожин 2008-жылы Дмитрий Медведевдин инаугурациясында, 2012-жылы Путиндин бийликке кайтуу салтанатында да конокторду өзү тоскон.

Пригожинге «Путиндин ашпозчусу» деп ылакап ат ушул жылдары жармашкан. Бирок Пригожиндин таржымалы Путинге ашпозчулук кылуу менен эле чектелбейт.

«Новая газета» 22-октябрда Евгений Пригожинге таандык «Конкорд» компаниясынын коопсуздук кызматчылары Орусиядагы блогерлердин өмүрүнө кол салууну уюштуруп, Сирияда Башар Асаддын армиясын колдоодон баш тарткан кошуундарга каршы уу колдонгонун жазып чыккан.

Пригожиндин сакчыларынын колунан жабыр тарткандардын бири - оппозициячыл Алексей Навальный негиздеген Коррупция менен күрөшүү фондунун юристи Любовь Соболдун күйөөсү Сергей Мохов.

Питердик миллиардер Евгений Пригожин менен орус президенти Владимир Путин.
Питердик миллиардер Евгений Пригожин менен орус президенти Владимир Путин.

​Эки жыл мурда ага үйүнүн жанынан бейтааныш киши ууланган ийнени сайып кетип, медициналык жардам ыкчам көрсөтүлгөнү үчүн гана аман калган.

«Новая газетанын» иликтөөлөрүнүн жетекчиси Сергей Соколов макалада «Путиндин ашпозчусуна» тагылган жаңы айыптар далилдер менен ырасталганын айтууда:

- Бул чындыгында таңкалычтуу. Мурда кылмышкер болуп, соттолуп жүргөн адам ресторан түйүндөрү менен шоколад чыгарган фабрикаларды иштетип жатат. Ал орус армиясындагы жоокерлердин жарымын тамак-аш менен камсыздайт. Анын жеке өзүнө караштуу чалгындоо, контрчалгындоо, тышкы чалгындоо кызматтары бар. Бул адам Сириянын министрлери менен сүйлөшүү жүргүзүп, мунай чыккан жерлерди иштетет. Африкада металл, уран жана алмаз өндүрөт. Анын жеке коопсуздук кызматы ким кандай ойлонуп, кандай сүйлөш керектигин чечет. Биздин иликтөөдө Пригожиндин коопсуздук кызматы блогерлерди коркутуп-үркүтүп, аларга кол салып, өз билгендерин кылып жатканы баяндалган. Аларга көзөмөл жок. Биз буга чейин мамлекеттик зомбулукка кабылганбыз, мамлекеттик кысым мыйзамдаштырылган. Бирок чек болушу керек да. Булар андай чекти билбейт экен.

Беш жыл мурда «Новая газета» баш кеңсеси Санкт -Петербургда жайгашкан «Троллдор фабрикасы» жөнүндө жазган.

Анда атайын жалданган адамдар социалдык тармактар менен онлайн басылмаларга Кремл менен Путиндин бийлигин жактаган пикирлерди жайгаштырып, жалган маалымат менен орус бийлигинин үгүтүн жайылтып, маалыматтык чабуул жүргүзөрү баяндалган.

«Интернет изилдөөлөр» деп аталган агенттик Евгений Пригожинге таандык экени аныкталып, быйыл сентябрда ага «Америкадагы 2016-жылкы шайлоодо бир талапкерди жактап, экинчисинин беделине шек келтирген маалыматтарды тараткан» деген кине коюлган. Питердик ишкер агенттиги жана компаниялары менен кошо АКШнын «кара тизмесине» алынган.

Буга кошумча Пригожин Украина менен Сирияга жалданма аскерлерди жиберет делген «Вагнердин аскердик жеке компаниясын» көзөмөлдөрү айтылып келет.

57 жаштагы Евгений Пригожин Санкт-Петербургда туулган. 20 жашында «алдамчылык», «өспүрүмдөрдү кылмыштуулукка тартуу» жана «уюшкан кылмыштуу топтун курамында каракчылык кылуу» беренелери менен айыпталып, 12 жылга соттолгон. Тогуз жылдан ашуун абакта отурган.

Бул маалыматтарды мурдараак иликтөөчү журналист Илья Давлятчин ачыктап чыккан.

- Анын соттолгондугу, жаш кезинде мыйзамдуу эмес иштерге аралашып жүргөнү мурдатан эле айтылып жүрөт. Биз анын кайсы кылмышы үчүн соттолгонун тактаганга аракет кылганбыз. Абдан кызыктуу окуялар калкып чыкты. Питерде батирлерди тоноп жүргөнү, бир кызды көчөдө муунтканы тууралуу билдик. Анан мас болуп алып бир батирге уурулукка киргенде кармалып, соттолгон экен. Кийин дагы бир жолу соттолуп, түрмөдө он жылдай отурган.

Путинге тамак сунуп жүргөн Пригожиндин компаниялары 2010-жылдан тарта Орусиянын Коргоо министрлигинин тендерлерин утуп, армияны тамак-аш менен камсыз кылуу, аскердик бөлүктөр менен жатаканалардагы тазалык иштерин толук колго алганы ачыкка чыккан.

2015-жылы министрликке Пригожиндин компаниялары 27 миллиард, 2016-жылы 13 миллиард рублдик кызмат көрсөткөн. Ошондой эле Пригожиндин компаниялары Москванын мектеп окуучуларын тамак-аш менен камсыз кылары айтылат.

Бул жылдары түзүлгөн келишимдерди иликтеп чыккан Коррупция менен күрөшүү фонду өкмөттүн бюджетинен жазалоочу келишим боюнча 23 млрд. рубль өндүрүлгөнүн кабарлаган.

Былтыр Федералдык антимонополия кызматы Пригожиндин компаниялары өкмөттүк тендерлерге катышканда башка компаниялар менен тымызын жазалоочу келишимге жетишип, 2 миллиард рубль өндүрүп алышканын да билдирген. Бирок федералдык кызмат жарым жылга жетпей аларды жоопкерчиликтен бошоткон.

Орусияда айрымдар Евгений Пригожинди «Кремлдин буйругун илгиртпей аткарган кызматчы» катары билсе, бир даары ага айлакер ишкер катары баа беришет. Буга чейин Владимир Путин Австриянын коомдук телеканалына интервью берген. Ошондо Евгений Пригожиндин ишмердиги тууралуу суроого "бул анын жеке иши" деген жооп узаткан.

Евгений Пригожин өзү ишканалары менен кызматчылары «АКШдагы шайлоого кийлигишкен» деген айыптарды четке кагып келет. Акыры айыптоолор боюнча үн ката элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG