Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Орус журналисттеринин ойго салган өлүмү


Курман болгон журналисттердин сүрөттөрү.
Курман болгон журналисттердин сүрөттөрү.

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналист Орхан Жемаль, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев киши колдуу болду. Чыгармачыл жамаат “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө даректүү фильм тартмак. Орусиялык тергөөчүлөр кылмыш ишин иликтеп жатышат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Африка Республикасындагы миссиясы жана жергиликтүү бийлик журналисттердин өлүмү тууралуу маалыматты ырасташты.

Мария Захарова.
Мария Захарова.

- Биз алар өлкө аймагына турист болуп киришкенин билебиз. Журналисттик ишмердигин тастыктаган эч кандай кагаз көргөзүшкөн эмес, - деди орус тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Мария Захарова.

Негизги версияга ылайык, орусиялыктарды ташыган машине дүйшөмбүгө караган түнү борбор шаар Бангинин чыга беришиндеги блокпостто токтотулган. Бир маалда буктурмадан куралчан адамдар чыга калып аларды аткылашкан.

Чыгармачыл топ бул өлкөгө 28-июлда барып, 18-августта кайтып келмек. Алар “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” (ЧВК Вагнера) жалдаган орусиялык аскерлер тууралуу Михаил Ходорковскийдин Иликтөөлөр борбору үчүн даректүү тасма тартышмак.

Иликтөөлөр борборунун башкы редакторунун орун басары Анастасия Горшкованын айтымында, маркумдар мурдагы мамлекет башчы, диктатор Жан Бедел Бокассанын президенттик сарайында жайгашкан вагнерчилердин базасына жекшембиде барышкан. Алардан жергиликтүү аскердик мекеменин аккредитациясын сурап, кое бербей коюшкан.

Ошол эле күнү кечинде журналисттердин бул тобу башкалаа Бангиден 400 чакырым алыс жердеги бир шаарда аларды коштой турган жергиликтүү киши менен жолугушмак. Алардын колунда 8 миңдей доллар, эки камера жана башка баалуу техника болгон.

Кол салуу болгон жерге жакын Сибю шаарынын бийлик өкүлдөрүнүн бири Марселин ЙоЙо орусиялыктарга түн ичинде жол жүрүү кооптуу экенин эскерткенин "Associatd Press" агенттигине айтып берди. Ал ошондой эле окуя башкача болгонун баяндап, орусиялыктарды араб тилинде сүйлөгөн онго жакын киши туткунга алып, анан өлтүрүшкөн деп боолголойт.

Орусиялык аскердик инструкторлор, кеңешчилер жана жеке компанияларга жалданган жоокерлер Борбордук Африка Республикасында бир нече айдан бери жигердүү аракеттенип келатышат.

Дмитрий Муратов.
Дмитрий Муратов.

- Алар Вагнердин аскерлерин тартмакчы болгону чын. Африканын таржымалы аларга анча кызыктуу эмес деп ойлойм. Сыягы, ал өлкөгө, жалданма аскерлер жашаган жерге барып, алар эмне кылып жүрүшкөнүн өз көздөрү менен көрмөк болушкан. Түшүнүксүз блокпостто эмне болгону али бүдөмүк. Эч кандай видеоматериалдар азырынча жок. Ошол маалда камералар иштебей да турган болушу мүмкүн, - деди “Новая газетанын” мурдагы башкы редактору Дмитрий Муратов.

Бир нече булактардын маалыматына караганда, Москванын “африкалык долбоорунун” башында петербургдук миллиардер Евгений Пригожин турат. Анын аты “троллдор фабрикасын” жана “Вагнердин аскердик жеке компаниясын” каржылоого байланыштуу айтылып жүрөт.

Орусиянын бийлик өкүлдөрү Вагнердин аскерлери аларга баш ийери тууралуу маалыматтарды четке кагып келатышат.

Топ бийлик менен кандай байланышта экени анык эмес, бирок анын жетекчилери Кремлде сыйлык алып, жалданма аскерлери орус коргоо мекемесинин жайларында машыгат.

Былтыр жыл аягында африкалык бул өлкөнүн президенти Фостен Аршанжа Туадер Орусияга келгенде тараптар аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Фильм тартуу идеясы Борбордук Африка Республикасынын улам бир жеринде аскердик униформачан орус кишилер жүргөнү тууралуу маалымат тарагандан кийин пайда болгон.

Орхан Жемаль “Вечерняя Москва”, “Независимая газета”, “Новая газета” жана башка басылмаларда эмгектенген. Согуш кабарчысы катары 2008-жылы орус-грузин урушун чагылдырган. Ооганстанда, Иракта, Ливанда, Ливияда, Сирияда жана Сауд Арабиясында иштеген.

Алесандр Расторгуев – даректүү тасмалардын режиссеру. “Реальность” долбоорунун автору. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун “Жашоо белгилери” долбоору менен кызматташчу.

Кирилл Радченко бир катар маалымат каражаттары үчүн оператор болуп иштеп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG