Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

"Азаттык" Кабулда эки журналистинен айрылды


Сабавун Какар (солдо) жана Абдулла Хананзай.
Сабавун Какар (солдо) жана Абдулла Хананзай.

Кабулда бүгүн эртең менен болгон кош жардыруу 29 кишинин өмүрүн алып кетти. Арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган редакциясынын эки журналисти бар. "Ислам мамлекети" экстремисттик уюм артында турган кол салууда 50гө чукул киши жарадар болду.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги мотоцикл миңген жанкечти атайын кызматтын кеңсеси жайгашкан имараттын жанында өзүн өзү жардырып жибергенин маалымдады.

20 мүнөттөн кийин журналисттер кол салууну чагылдырууга чогулган жерде экинчи бомба жарылган. Набыт болгон тогуз медиа кызматкердин арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган редакциясынын эки журналисти бар. Абдулла Хананзай жардыруу болгон жерде жан берди, Сабавун Какар бир нече сааттан кийин ооруканада алган жараттан көз жумду. Радионун ооган кызматынын редактору Кадир Хабиб буларды айтты:

- Бул кол салууда "Озоди" радиосунун ("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматы) Кабулдагы бюросунда иштеген эки кабарчыбызды жоготтук. Биз үчүн гана эмес, Кабулдагы журналисттер жамааты үчүн да абдан кайгылуу окуя болду, аябай капа болуп турабыз. Азыркыга чейин шок абалдабыз, өзүбүзгө келе албай жатабыз.

Жардыруудан кийин
Жардыруудан кийин

Ал эми каза тапкан дагы бир журналист - Мохаррам Дурани майдын ортосунда ооган редакциясында иштей баштамак экен. Ал жардыруу болгон маалда тренинг өтүү үчүн радионун Кабул бюросуна бараткан.

Кадир Хабиб жоочулар акыркы кезде ушундай тактиканы кеңири колдонуп келатышканын кошумчалады. Адатта жанкечти тигил же бул жерде өзүн жардырып жиберет. Журналисттер окуя болгон жерге же жарадарлар жеткирилген ооруканага келгенде экинчи жардыруу болот. Бул жолу жанкечти камера көтөрүп алып, башка кабарчылардын арасына кошулуп кеткен.

Абдулла Хананзай "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун “Уунун кербени” деген маңзаттарга каршы долбоору үчүн иштеп келген. Сабавун Какар болсо оператор болчу.

"Ажанс Франс Пресс" агенттиги Кабулдагы башкы фотографы Шах Мараи да набыт болгонун маалымдады. Башкалаанын полиция башчысы Давуд Аминдин айтымында, өлгөндөрдүн катарында кеминде төрт тартип коргоочу бар.

“Карапайым адамдарды, мечиттердеги динзарларды, демократиялык жараяндарды, журналисттерди жана сөз эркиндигин бутага алуу – согуш кылмыштарынын конкреттүү мисалдары. Бул теракттар исламдын баалуулуктарына жана адам укуктарына каршы келет”, - деп айтылат президент Ашраф Ганинин билдирүүсүндө.

Жардыруудан кийин
Жардыруудан кийин

“Ислам мамлекети” экстремист уюму өзүнүн пропагандалык "Амак" агенттиги аркылуу кол салууну уюштурганын билдирди. Бир нече күн мурун болсо "Талибан" жазгы чабуулун баштаганын маалымдап, ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн четке какканын ишара кылды.

АКШ жана НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы командачысы генерал Жон Николсон Кабулдагы кош жардырууну, бейкүнөө жарандарды, анын ичинде журналисттерди өлтүрүүнү айыптады.

“Ооганстандын душмандары жеңе албайт. Мындай карасанатайлыктар ооган элине жардам берүү ниетибизди күчөтөт”, - деп кошумчалады генерал.

Ушул эле күнү Ооганстандын түштүгүндө жанкечтинин жардыруусу 11 баланын өмүрүн кыйды, 16 киши, арасында румыниялык аскерлер жарадар болду. Бомба чет өлкөлүк контингент мечиттин жанынан өтүп бараткан маалда жарылган. Азырынча бул кыянатчылык үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Мындан бир жумадай мурда Кабулда шайлоочуларды каттоо борборунда жанкечтинин жардыруусунан бери дегенде 60 киши набыт болгон, 120га жакыны жараланган. Парламенттик шайлоого катышуу үчүн документ алабыз деген кишилер чогулган жердеги терактты да “Ислам мамлекети” радикал уюмунун жоочулары ишке ашырганы маалымдалган.

Ооган өкмөтү талип согушкерлери менен да күрөшүп келатат. Президент Ашраф Гани "Талибанга" шарт койбостон тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү сунуш кылганы менен, жыл башынан бери Кабулда эле жүздөгөн киши ар кыл кол салуулардан ажал тапты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG