Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Павел Шеремет орус саясатын сындаган


Павел Шереметтин күйүп жаткан автоунаасы.
Павел Шереметтин күйүп жаткан автоунаасы.

Киевде таанымал 44 жаштагы журналист Павел Шеремет өлтүрүлдү. Мындай божомолду Украинанын башпрокурору айтып чыкты. Шеремет ишке бараткан учурда айдап бараткан автоунаасы жарылып кеткен.

Павел Шеремет айдап бараткан автоунаа Киев убактысы боюнча бүгүн эртең менен 7:45те жарылды. Ал бул учурда ишке бараткан эле. Автоунаа журналист иштеп аткан “Украинская правда” гезитинин жетекчиси Алена Притулага тийиштүү болчу. Шеремет унаада жалгыз өзү бараткан. Жардыруу болгон учурду көргөн Олексей окуяны мындайча сүрөттөп берди.

- Анын унаасы кесилишке келип токтогон учурда жардыруу болду. Мен жакын тургам. Унаага жакындаганымда ал жан берейин деп калганын байкадым. Чогулуп калгандар менен айдоочунун эшигин ача албай коюп, арткы эшикти ачып, сыртка алып чыгуу аракетин көрө баштадык. Буту сынып калыптыр. Эптеп тышка алып чыгар замат "тез жардам" келип, аны алып кетти. "Тез жардам" беш мүнөттүн ичинде эле ылдам жетип келди.

Украин президенти Петро Порошенко Фейсбуктагы баракчасы аркылуу күч түзүмдөрүнө бул кылмышты тезинен иликтөөнү тапшырганын, күнөөлүүлөр жазалануусу керектигин жазды.

Павел Шеремет
Павел Шеремет

Киевдин прокуратурасы бул окуя боюнча “Алдын ала даярдалган өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ички иштер министрлигинин өкүлү автоунаада кубаты 400-600 граммга жакын тротил өлчөмүнө тете жардыргыч зат ишке келтирилгенин айтты. Украин полициясынын жетекчиси Катия Деканоидзе Киевде эмгектенип келген беларус журналистинин өлүмүнө машинеге коюлган бомба себеп болгонун ырастады:

- Азыр жардыруулар боюнча адистешкен эксперттер иштеп жатат. Биз айланадагы коопсуздук камераларынын тасмаларын алдырабыз. Аларды изилдеп көрүп, бир нерсе маалым болсо, силерди дароо кабардар кылабыз.

Украинанын Ички иштер министрлиги журналисттин өлүмүнө себеп болгон үч версияны божомолдоп, анын бири “Орусиянын изи” экенин айтышууда. Күбөлөрдүн айтымында, Шеремет жардыруу болгондон кийин тирүү болчу. Ал "тез жардамдын" унаасында баратып ооруканага жетпей көз жумганын ТСН маалымат агенттиги жазды.

“Украинская правда” гезитинин редактору Севгиль Мусаева-Боровик журналисттин өлүмүн анын кесиптик ишмердиги менен байланыштырды.

Теги беларус Павел Шеремет орусиялык жана украиналык маалымат каражаттарында эмгектенип келген. 2008-жылга чейин он жыл бою Орусиянын биринчи каналында “Время” берүүсүнүн алып баруучусу болуп иштеген.

Павел Шеремет Орусиянын коомдук телеканалынан 2014-жылы Крымдын аннексиясынан кийин кеткен. Ал Кремлдин пропагандасынан айырмаланган көз карашты көтөрүп чыккан журналисттерге кадимкидей чабуул жүрүп атканын айткан болчу. Шеремет ошондой эле Крымдын аннексиясын жана Орусиянын Украинадагы сепаратисттерди колдоосун кескин айыптап, аны орус саясатынын кетирген чоң катачылыгы деп атаган. “Азаттыктын” орус кызматына берген маегинде ал бул окуялар тууралуу мындай пикирин билдирген.

- Мен кесиптештерим менен жолуккан сайын алар өз ишмердигин ипотека төлөшүм керек, үй-бүлөбүздү багышыбыз керек, бала-чакабызды ойлошубуз керек деп актап, түшүндүргөнгө аракет кылышчу. Алар “Единая Россияны” эмне себептен мактап, даңазалаганын, караны ак деп айтканын түшүндүрө албай, ичинен кыйналып жүргөнүн байкачумун. Эми Украинадагы согуш аларга ушул жок болуп аткан жүйөнү берди. Алар азыр уятын ипотекага алмаштырып жиберген жөн гана пропагандисттер эмес, орус дүйнөсүнүн коргоочулары болуп калышты.

Павел Шеремет кесиптештеринин эсинде өз ишине берилген, олуттуу журналист катары, ошол эле учурда жароокер, адамды оңой эле өзүнө тартып алган шыгы менен калды.

XS
SM
MD
LG