Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

Журналист Шеремет жарылуудан мерт болду


Павел Шеремет
Павел Шеремет

Таанымал журналист Павел Шеремет айдап бараткан автоунаа Киев убактысы боюнча бүгүн эртең менен 7:45те жарылды. Журналист бул учурда ишке бараткан эле.

Украин президенти Петро Порошенко Фейсбуктагы баракчасы аркылуу күч түзүмдөрүнө бул кылмышты тезинен иликтөөнү тапшырганын, күнөөлүүлөр жазалануусу керектигин белгилеген.

Өлкөнүн башкы прокурору Юрий Луценко Шереметтин өлүмүн “өлтүрүү” деп атап, жардыруучу зат анын автоунаасына коюлганын, бардык далилдер журналистке кол салуу болгонун көргөзүп жатканын билдирди.

Журналист айдаган унаа жарылуудан кийин. Киев, 20-июль, 2016-жыл.
Журналист айдаган унаа жарылуудан кийин. Киев, 20-июль, 2016-жыл.

Теги боюнча беларус Павел Шеремет акыркы беш жылдан бери Киевде “Украинская правда” интернет сайты жана “Радио Вестинин" журналисти катары иштеп жаткан.

Шеремет орусиялык жана беларусиялык медиа менен да кызматташчу.

“Украинская правда” интернет сайтынын башкы редактору Севгил Мусаева-Боровиктин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Шереметтин өлүмү анын кесиптик ишмердиги менен тикелей байланыштуу.

44 жаштагы Павел Шеремет 1999-жылы Журналисттерди коргоо комитетинин жана 2002-жылы ЕККУнун кадыр-барктуу сыйлыктарына арзыган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG