Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Жураев: Беларус эл аралык уюмдарды укпайт


Эмил Жураев
Эмил Жураев

Мурдагы президент Курманбек Бакиев жана иниси Жаныш Бакиевди Беларустан экстрадициялоо аракеттери тууралуу саясат таануучу Эмил Жураев ой бөлүштү.

- Жогорку Кеңеш бир тууган Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча ЕККУ баштаган бир катар уюмдарга кайрылуу жөнөттү. Эл аралык уюмдар Кыргызстандын үнүн угуп, Беларуска таасир кылууга аракет көрөрүнө көзүңүз жетеби?

- Чындыгын айтканда, анчалык жете бербейт. Анткени бул эл аралык уюмдар чече турган маселе эмес. Беларус бийлиги башка өлкөлөргө караганда ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдар менен алакасы жакшы деле эмес. Ошондуктан Беларус эч ойлонбой туруп эле, эл аралык уюмдардын айткандарына кулак салбай коюшу толук ыктымал.

- Беларус, анын ичинде президент Александр Лукашенкого таасир эте алчу башка эл аралык уюмдар барбы?

- Таасир бере турган уюм эмес, башка мамлекеттер болушу мүмкүн. Эгерде Орусия бул маселеге киришчү болсо алардын авторитети, сөзүнүн өтүмдүүлүгү бир аз жогору болмок. Уюмдарды алсак, КМШ алкагында түзүлгөн уюмдардан башкасынын Белорусия үчүн авторитети жок. Бул мамлекет буга чейинки көп билдирүүлөргө кулак салбай келген.

- Беларустан чыккан журналист Павел Шеремет да Москва Минскиге басымды күчөтсө, Бакиевдерди бериши мүмкүн деген ойду айткан. Буга расмий Москва кызыктарбы?

- Биринчиден, Москвага Лукашенкого кайрылып, анын алдында сурануунун кажети барбы же жокпу, бул дайын эмес. Кыргызстанда туруп муну билүү кыйын. Беларус Орусия үчүн эң чоң өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Кыргызстандын алдынан өтөйүн, көңүл алайын, ушул кишилерди берип кой деген кадамга бараарын айтыш кыйын. Албетте, алар үчүн бир сөз айтып коюш кыйын эмес. Бирок Орусия кандайдыр бир шарттар менен гана Беларус менен бул маселеде келишиши мүмкүн.

- Кыргызстандын башында турган жетекчилер бул маселенин чечилишине канчалык кызыктар? Орусиядан жардам сураса болобу?

- Кыргызстан бийликтери бул боюнча суранып, өтүнүп коюшу ыктымал. Буга чейин Орусия баштаган мамлекеттерге кандай гана өтүнүчтөрдү кылган эмеспиз. Канчалык кызыктар деген сурооңуз маанилүү суроо болуп саналат. Анткени Кыргызстанда Курманбек Бакиев жана Бакиевдердин башка үй-бүлө мүчөлөрү келишсе, өлкө ичиндеги саясий кырдаал көзөмөлдөнөбү жана бийликтер аларга козголгон кылмыш иштерин аягына чыгара алабы? Менимче, бул чоң суроо.
XS
SM
MD
LG