Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Берлин: Навальный «Новичок» менен ууландырылган


Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный. Москва. 20-март, 2019-жыл.
Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный. Москва. 20-март, 2019-жыл.

Немис өкмөтү Алексей Навальный «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирди. Орус оппозициясынын лидери Навальный 20-августта эсин жоготуп жыгылган.

Германиянын өкмөтү билдиргендей, орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын канынан нервди шал кыла турган «Новичок» тобуна кирген химиялык зат табылган.

Бул тууралуу 2-сентябрда канцлер Ангела Меркелдин маалымат катчысы Штеффен Зейбарт билдирди.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас дароо Берлиндеги орус элчисин чакыртып, Москвадан жооп талап кылганын билдирди.

44 жаштагы Навальный 20-августта Томск шаарынан Москвага баратып, учактан эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, активист ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин аны Германияга алып кетишкен. Учурда Навальный Берлиндеги Шарите ооруканасында комада жатат. Мекеме 2-сентябрда тараткан билдирүүгө ылайык, дарылоо көпкө созулушу мүмкүн. Ошондой эле ууландыруунун кесепеттерин да эске алыш керек экени белгиленген.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Навальный кылмыштын курмандыгына айланганын жана экспертизанын жыйынтыктары муну айгинелеп турганын билдирди:

"Анын оозун жабунуун аракетин көрүшкөн. Мен жана Германия өкмөтү муну чечкиндүү түрдө айыптайбыз".

Германиянын канцлери Ангела Меркель. Берлин. 2-сентябрь, 2020-жыл.
Германиянын канцлери Ангела Меркель. Берлин. 2-сентябрь, 2020-жыл.

Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук кеңеши ууландырууну айыптап, Орусия «Новичокту» мурда да колдонуп келгенин билдирди. Кеңеш ошондой эле Вашингтон «бул далилдердин жыйынтыгы кандай болбосун, Орусиядагы тиешелүү адамдарды жоопкерчиликке чакырып, алардын кыянат иштерине сарпталчу финансы каражаттарын чектей турганын кошумчалады.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков орус өкмөтү бул тууралуу расмий кабардар боло элек экенин айтып, Берлиндин билдирүүсүнө комментарий берүүдөн баш тартты. Ал ошондой эле Германияга жеткирилгиче Навальныйдын анализи таза болгонун кошумчалады.

Навальныйдын тарапташтары башында эле "ал ууландырылган болушу мүмкүн" деп шектенишкен. Анткен менен Омск шаардык ооруканасынын дарыгерлери муну четке кагышкан. Ал эми 2-сентябрда алар өз бүтүмдөрүн жаңылап, активисттин организминде зат алмашуу бузулганын жана панкреатит оорусу аныкталганын маалымдашты.

Ал арада Навальныйдын командасы орус өкмөтүн сотко берди. Алар Кремл активисттин ууландырылганы боюнча кылмыш ишин ачпай жатканына арызданышты. Бул боюнча соттук жараян 4-сентябрда өтөт.

Навальныйга бир нече ирет кол салуу болгон

44 жаштагы Навальный Томск жана Новосибирк шаарларына кезектеги иликтөөсүн жасаш үчүн барган. Ал жактан активист жергиликтүү аткаминерлердин коррупциялык аракеттерин ашкерелеген маалыматтарды топтогон.

Оппозиция лидеринин командасы 31-августта жарыялаган ал иликтөөдө Новосибирск шаардык кеңешиндеги 50 депутаттын жарымынан көбү курулуш компанияларынын ээлик кылган же ошол ишканаларга тиешеси бар адамдар экени айтылган.

Активист ошондой эле мурдагы премьер-министр Дмитрий Медведев менен экс-башкы прокурор Юрий Чайканын күмөндүү байлыктары тууралуу дагы бир катар иликтөөлөрдү жасаган.

Орус бийлигине каршы жүрүштөрдү баштап, коррупциялык иштерди ашкерелеген даректүү тасмаларды чыгарганы менен белгилүү болгон Навальныйга 2017-жылы да кол салышкан.

Анда көзүнө жашыл түстөгү суюктук чачып кетишип, активист Барселонадан операция жасатууга аргасыз болгон. Көп өтпөй полиция кол салуу боюнча иликтөө ишин токтоткон. Быйыл мартта Навальныйга ун жана ириген сүт чачып кетишкен.

«Новичок» заты тууралуу эмне белгилүү?

2018-жылы орусиялык мурдагы тыңчы, бир топ жылдан бери Британияда турган Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия дагы "Новичок" заты менен ууландырылган. Алар оор абалда ооруканага түшүп, көпкө чейин дарыланышкан. Лондон кол салууну Москвадан көргөн.

Орусия бийлиги бул ишке тиешеси жоктугун айтып, дооматтарды четке каккан.

Бул окуя Батыш менен Орусиянын дипломатиялык араздашуусуна, Москвага каршы санкциялардын киргизилишине алып келген.

Советтик химик Вил Мирзаянов Орусия «Новичок» деген химиялык куралды дүйнөлүк коомчулуктан жашырып келгенин, адамдын нерв клеткаларын шал кыла турган бул зат 1980-жылдардын аягында эле Советтер Союзунда жасалганын айтып чыккан.

Окумуштуу «Новичок» химиялык куралы фосфор менен азоттун кошулмасынын негизинде, 1980-жылдардын аягында Москвадагы Органикалык химия жана технология боюнча мамлекеттик илим изилдөө институтунда жасалганын белгилейт.

Навальный ушул тапта дарыланып жаткан клиниканын дарыгерлери кеңеш жана жардам сурап, британиялык жана германиялык аскердик адистерге кайрылышкан. Британиянын Портон-Даун шаарындагы аскердик лабораториянын кызматкерлери Скрипалдардын ууландырылышы боюнча иликтөөгө катышып, дарыгерлерге кеп-кеңеш берип турушкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG