Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп берди


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Июль, 2019-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Июль, 2019-жыл.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Башкы көзөмөл органынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн «Азаттыкка» билдиришкендей, мекеменин жообунда Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү «өзүнүн мыйзамсыз кадамдарын актоо аракети» катары бааланган.

«Алмазбек Атамбаев өз кайрылуусунда Батукаевди Жаныш Бакиевге (мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси) алмаштыруу боюнча УКМК пландаган жана уюштурган атайын операцияны колдогонун айткан. Жаныш Бакиевди экстрадициялоо Кишинев конвенциясынын жоболору жана Жазык-процессуалдык кодекс менен гана жүргүзүлүшү керек. Мыйзамда экстрадициянын мындан башка негиздери каралган эмес. Бул жагдай атайын операциянын мыйзамсыз болгонун, Жаныш Бакиевди кайтаруу аракети кылмыштуу кадамды жаап-жашыруу максатында колдонулганын көрсөтөт. Атамбаев мамлекет башчысы болуп туруп элге берген антын бузуп, материалдык жана башка максатты көздөп, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди камактан бошотуу менен мамлекеттик бийликтин баркына доо кетирди. Атамбаев өз күнөөсүн моюнга албай, көрсөтмө берүүдөн баш тартканы менен анын айыбы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана башка далилдер менен далилденген», деп жазылган Башкы прокуратуранын маалыматында.

Кой-Таш окуясы, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушу боюнча айыпталып УКМКнын тергөө абагында отурган экс-президент Алмазбек Атамбаев 2-сентябрда адвокаты аркылуу элге кайрылуу тараткан. Мурдагы президент Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча күнөөсүз жерден жалган жалаа менен соттолгонун жазган. Сот жабык өтүп, бардык материалдар сыр түрүндө сакталгандыктан, көпчүлүк чындыкты билбей, бийликтин ар кандай ушак-жалааларына ишенип жатканын, буга байланыштуу кайрылуу таратканын, Жаныш Бакиевди экстрадициялаш үчүн бардык чараларды көргөнүн белгилеген.

Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Августта Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталып, кармалган. Бул иш боюнча сот уланып жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG