Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

Суваналиевдин суроо жараткан билдирүүсү


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бийлик криминалга каршы күрөштө жеңилип калганын айтты. Ал бир катар партиялар Камчы Көлбаевдин калкалоосу менен саясий жарышка чыкканын жарыя кылды.

Өмүрбек Суваналиев 19-августта «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жыйынында Кыргызстанда криминалдын таасири күчөп жатканы боюнча кескин билдирүү жасады.

Өзү ушул партиядан талапкер катары аттанган генерал бийликчил күч катары шайлоого катышып жаткан партияларды сынга алып, аларды кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Коля Кыргыз) калкалап жатканын айтып чыкты:

«Баары эле «бийликчилбиз» деп айтышат. Чынын айтканда алар бийликчил эмес, алардын кожоюну бир эле киши. Ал криминалдын ана башы «Коля Кыргыз» деп коёт. Ошонун алдында баары «шестёрка». Бүгүнкү күндө криминалдашуу жүрүп жатат. Криминал бийликке умтулуп, өз кишилерин жиберип атат. Кимди жөнөтүп атат? Уюшкан кылмыштуу топтун белдүү мүчөлөрүн эмес. «Шнырь» деп коет, мындай жөнөтүп койчулар. Алардын алдыңкы тобу келе жатат».

Ушу тапта Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган Суваналиев бийликчил күч катары «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Замандаш» партияларын атап өттү. Ал бийлик криминалга каршы күрөштө жеңилип калды деген пикирин айтып, учурда керектүү чара көрүлбөй жатканын билдирди. Атүгүл пандемия убагында Коопсуздук кеңеши криминалдын таасиринен улам ишинде кемчилик кетирген айрым жетекчилерди кызматтан ала албай кыйналганын да кошумчалады:

«Коопсуздук кеңеши саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди өз убагында жумуштан ала албай койду. «Пандемия болот, вирус келе жатат, даярдык көрүш керек» деп Абылгазиев айткан. Бирок Чолпонбаев деген жигит мурда депутат болуп жүргөн, «Хоп» деген каймана аты бар кримчөйрөдөгү жигиттин акеси. Ошого эч кимдин алы жетпей койду».

Мындай маалыматтарды ортого чыгарган Өмүрбек Суваналиев учурда тезинен криминалга каршы күрөш керек экенин билдирди.

Оппозициячыл партия менен шайлоого аттанган Коопсуздук кеңешинин жетекчилеринин биринин бул билдирүүсү боюнча президенттик аппарат эч кандай комментарий бере элек.

Суваналиев атаган партиялардын өкүлдөрү да бул билдирүүгө жооп кайтарган жок. Бирок ал атаган партиялардын баары буга чейин бийликчил эмес экенин жана мыйзамдуу иш алып барарын айтып келишкен.

Маселен, «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов криминалдын таасири шайлоодо байкалганын ырастап, бирок өз партиясынын бийликчил позицияда экенин четке какты:

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«Мен Өмүрбек Суваналиевди сыйлайм. Акарат келтирип, жаман сөз айткым келбейт. Болгону эки нерсеге токтоло кетейин. Криминалга биздин эч кандай тиешебиз жок. Анын өкүлдөрү да, мүчөлөрү да биздин партиябыздын катарында жок. Тескерисинче, башка партиялардын катарынан көрүп атабыз, жада калса талапкер болуп чыгып атышат. Экинчиден, бийликчил деген жүйө боюнча - шайлоодо атаандаштык деген нерсе бар. «Замандаш» бүгүн оппозицияны да тааныбайт, бийликти да тааныбайт. Ортодо центристтик позицияда».

Ал эми Өмүрбек Суваналиев атын атаган мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин уулу Эркин Чолпонбаев саясатчы айткан маалыматтарды четке какты. Ал «атамдын, дегеле биздин үй-бүлөнүн криминал менен эч кандай байланышы жок» деп жооп берди.

Космосбек Чолпонбаев быйыл апрель айына чейин саламаттык сактоо министри болуп турган. Ал коронавирус пандемиясынын алдын алууга жетиштүү даярдык көргөн эмес деген Коопсуздук кеңешинин чечими менен кызматтан алынган.

Албетте, оппозициячыл партиядан талапкер болгон Өмүрбек Суваналиевдин бул билдирүүлөрү шайлоо алдындагы пиар катары кабыл алынышы да мүмкүн. Бирок ал дагы эле Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеп жатат. Тагыраагы, жогорку мамлекеттик кызматкер.

Кыргызстанда саясатка криминалдын тийгизген таасири тууралуу көптөн бери эле айтылып келет. Бул боюнча үзүл-кесил маалыматтар чыкканы менен кримтөбөлдүн аты ачык айтылып, болгондо да бул тууралуу жогорку кызматты ээлеген жетекчи билдире элек болчу.

Ушундан улам Суваналиев буга чейин эл оозунда болуп келген абалды ачыкка чыгарганын жана бул өтө олуттуу коңгуроо экенин бир катар адистер айтып чыгышты.

Буга чейин Ички иштер министрлигин (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) жетектеген Кеңешбек Дүйшөбаев чынында эле өлкөдө криминалдын саясатка таасир этүү аракети күчөп баратканын четке какпайт.

Генерал Дүйшөбаев акыркы билдирүүлөрдү саясатка шылтап койбой, тиешелүү жыйынтык чыгарыш керек деген оюн айтты:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

«Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп жаткан соң, анда бул билдирүүлөрдү жасоого негиз бар деп ойлойм. Албетте, ушундай негиз, маалыматтар болгон соң президентке чейин маселени кабыргасынан коюп, эмнеге чечим кабыл алган жок деген суроо чыгат. Бирок Суваналиевдин айткандары - абдан олуттуу коңгуроо. Буга реакция болушу керек. Президент тез арада өзү Коопсуздук кеңешинин жыйынына алып чыгып, тиешелүү чечимдерди кабыл албаса болбойт».

Өмүрбек Суваналиев ким?

60 жаштагы Өмүрбек Суваналиев - милициянын генералы. Ал 1990-жылдары бир катар чуулгандуу иштерди иликтеп, камакка алынганы үчүн коомчулукка аты чыккан. Кийин Жогорку Кеңештин депутаты, коопсуздук, укук коргоо органдарынын аймактагы жетекчиси, Нарын облусунун губернатору болгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде оппозициячыл маанайда болгону менен саясатка анча аралашкан эмес.

2019-жылдын башында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгына дайындалган. Ошондон бери Суваналиевдин кеңештеги ишмердигине көп деле көңүл бурулган эмес. Эми парламенттик шайлоого азыркы президенттин саясатына келишкис оппозицияда турган партия менен аттанганда гана билдирүү таратканын сындагандар да бар.

Эксперт Даниел Кадырбеков Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчылыгында турган учурунда криминалдын тамыр жайганы боюнча эмне себептен маселе көтөрүп, ага каршы чечимдерди кабыл алган эмес деген маселе койду.

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

«Суваналиев канча жылдан бери бул тармакта иштеген. Акыркы жылдары Коопсуздук кеңешинде жетекчилик кызматта эмгектенип жатат. Бул орган - өлкөдөгү тартипти, коопсуздукту координациялачу негизги орган. Анын ушундай кызматты ээлеп отуруп «криминал күчөп кетти» дегени - демек эч бир иш кылбаганын моюнга алганы. Экинчиден, мамлекеттик кызматкердин этикасына деле туура келбейт. Шайлоо алдындагы пиар деп кабыл алыш керек».

ИИМ: Криминалга каршы күрөш күчүндө

Ал ортодо ИИМ Өмүрбек Суваналиевдин билдирүүсүнө жооп кайтарып, «уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчүндө» экенин билдирди. Андагы маалыматка караганда быйыл жети ай ичинде уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар 101 адам кармалып, ушу тапта айрымдары жоопко тартылып жатат.

Ошондой эле министрлик Суваналиев милицияда жетекчилик кызматта турган кезде криминал кулач жайганын эске салды:

«ИИМге кечээги депутаттыкка талапкер Өмүрбек Суваналиевдин кайрылуусу боюнча тактоо киргизүүгө туура келет. ИИМдин Криминалдык милиция кызматы «Хоп» деген каймана аты менен каттаган, парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты Чолпонбаев Улан Сапарбекович 2018-жылы 11-ноябрда узакка созулган оорудан каза болгондугун жана учурдагы абалга эч кандай таасир бере албай турганын билип туруп, популисттик билдирүүлөрдү жасаганы этикага туура келбейт. Өз кезегинде Өмүрбек Суваналиев ИИМде министрдин орун басары, андан кийин министр болуп турганда уюшкан кылмыштуулук бутактанып, атүгүл Жогорку Кеңештин депутаттыгына Р.Акматбаев келгендиги, ошол кезде криминалдык абал күчөп, буюртма киши өлтүрүү да күч алганы жалпы коомчулукка белгилүү. Ал эми учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчүндө жана ИИМдин ишмердүүлүгүндө кылмыштуулукка каршы күрөш негизги багыттардын бири экендигин белгилейбиз».

Кыргызстанда ИИМдин каттоосунда үч уюшкан кылмыштуу топ бар экени расмий айтылган. Алар Камчы Көлбаев, Алмаз Бокушев жана Азиз Батукаев түптөгөн топтор.

Алардын ичинен эң активдүү катары Суваналиев кеп кылып жаткан «Коля Кыргыз» деген каймана ат менен белгилүү Камчы Көлбаевдин тобу көп сөз болуп келет.

46 жаштагы Көлбаев бир нече жолу оор кылмышы үчүн кесилип, акыркы жолу 2014-жылы түрмөдөн бошогон. АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон эле.

Быйылкы пандемия маалында Көлбаевдин кайрымдуулук иштерин даңазалоо аракеттери да болгон.

Буга чейин кылмыштуу топтун өкүлдөрүнүн жергиликтүү жана борбордук бийлик органдарына аралашуу аракети боюнча көп эле сөз айтылып келген. Маселе парламентте да көп жолу көтөрүлгөн. Бирок анын жыйынтыгы катары расмий маалымат бериле элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG