Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:39

Ош: бийликтин эркин сынаган тиреш


Түнкү Ош.
Түнкү Ош.

Ош шаарында учурда жаатташып жаткан эки спортчунун тирешинин жаңы жагдайлары белгилүү болду.

Ош шаардык Спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев 17-февралда өз арызына ылайык, жумуштан убактылуу четтетилди.

Спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев "Азаттык" радиосуна жумуштан убактылуу кетүүнү калаа мэри Таалайбек Сарыбашевге өзү сунуштаганын жана ал сунушу колдоо тапканын айтты.

Кылычбек Саркарбаев
Кылычбек Саркарбаев

"Шаар башчысы Таалайбек Насырдиновичке өзүм кирдим. Бир жаңсыл болгонго чейин мени жумуштан четтетип туруусун өтүндүм. Таалайбек Насирдинович бул сунушумду колдоду жана туура көрдү. Териштирүү бүткөнгө чейин жумуштан кетип жатам. Көрүп жатасыңар социалдык тармактарда акыркы күндөрү ушул гана окуя болуп жатат. Ошого карата бир жаңсыл болгонго чейин четте турайын деп чечтим. Өзүмдү моралдык жактан күнөөлүү деп эсептебейм".

Саркарбаев териштирүү аяктаса, кайра жумушка кайтып келерин же келбесин ачык айткан жок. Анын ээлеген кызматынан кетишине милициянын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулунун 14-февралдагы президент Сооронбай Жээнбековдун атына кайрылганы себеп болуп калды.

Төлөгөн Рахманберди уулу
Төлөгөн Рахманберди уулу

Рахманберди уулунун кайрылуусун Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов 14-февраль күнү кечинде “Фейсбуктагы” баракчасына жүктөгөн.

"Беш-алты ай мурда Раимбеков Нурбектин балдары травматикалык мылтык менен бутка атып кетишкен. “Арыз жазба, жазсаң өзүңдөн көр” дешкен. Мен жазган жокмун. Бир-эки ай өтпөй Кылыч Саркарбаев автомат менен бутка атып, ооруканага жатып калдым. Анда да Раимбеков Мунарбек жана Саркарбаев Кылыч ооруканага келип, башыма пистолет такап коркутуп, “өзүңдү каматабыз, арыз жазсаң өлтүрөбүз” деген. Ошондо да арыз жазган эмесмин", - деп айткан видеокайрылууда Төлөгөн Рахманберди уулу.

Бир күндөн кийин анын жердештери жана Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов президентке видеокайрылуу жолдошкон.

Ал видео кайрылууда Оштогу таанымал жана таасирдүү үй-бүлө саналган Матраимовдордун ысымы аталган, маселен, Төлөгөн Рахманберди уулу ага «Матраимовдор басым көрсөтүп жатканын» билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.

- Бизди жаман көрсөткүлөрү келип жаткандай сезилди. Бизди тааныган, билген адамдар бар. Криминалдар менен да, алардын чыр-чатагы менен да ишибиз жок. Эмнеге атканын деле билбейбиз.

Искендер Матраимовдун бир тууганы Райымбек Матраимов – мурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Жаатташкан тараптар жакын болгон

Учурда бири-бирине каршы болуп жаткан Кылыч Саркарбаев менен Төлөгөн Рахманберди уулу Матраимовдорго таандык Ош шаарындагы EREM спорт клубунда бирге машыгып келген.

Саркарбаев өзү да аны "чогуу машыккан иним" болчу деп билдирди.

2019-жылы 22-сентябрда Кара-Суу районунун Фуркат айылында Төлөгөн Рахманберди уулу октон жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткени айтылган. Окуяга байланыштуу Саркарбаевдин аты аталганы менен ал "окуя болгон жерде мен жок болчумун" деп айткан.

Буга улай эле Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсановдун Чүй облусунда бир адамды токмоктоп жаткан видеосу тарады. Видео 2018-жылы 28-декабрда тартылганы айтылууда. ИИМ ал боюнча да иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Саркарбаев - кикбоксинг боюнча спорттун чебери, мушташтын аралаш түрү боюнча бир нече эл аралык мелдештин жеңүүчүсү.

Эмилбек Кимсанов
Эмилбек Кимсанов

Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери. 2018-жылы жергиликтүү кеңештин депутатын сабоого шек саналган.

Ош шаардык милициясы 29-январда Рахманберди уулуна кол салуу боюнча иш козголуп, беш киши кармалып, териштирүү башталганын билдирген. Бирок ал көрсөтмө берүүдөн жана арыз жазуудан баш тартып келгенин билдирүүдө.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков үч видеодо аты аталган Нурбек Раимбеков кармалган беш кишинин бири болгонун, Кылычбек Саркарбаевдин атышууга катышы бар экени айтылып, иш териштирилип жатканын кошумчалады.

Ал арада Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсановдун өлкөдөн чыгып кеткени айтылды.

Бул окуя эмнеге маанилүү?

Оштогу спортчулар, учурда жаатташып жаткан эки тарап тең ар кыл мезгилде мамлекеттик кызматты ээлеп, саясий чөйрөдө таасирдүү саналган фигураларды жандап жүрүшкөн.

Ошол эле кезде мыйзамсыз иштерге байланыштуу да аттары аталып келген. Андыктан бул жеке таарынычпы же криминал менен саясаттын байланышы барбы деген суроолор жаралууда.

Алсак, 17-февралда кызматынан убактылуу четтетилген Кылыч Саркабаев - Ош мэриясынын спорт комитетинин башчысы. Ар кыл айың кептерге карабастан былтыр Ош мэриясы Саркарбаевди "эң мыкты жаш жетекчи" деп таап, ага сыйлык ыйгарган.

Саркарбаевге каршы арызданып чыккан Төлөгөн Рахманберди уулу буга чейин милицияда иштесе, аны менен кошо өлкөдөн чыгып кеткени айтылган Эмилбек Кимсанов Бажы органдарында жооптуу кызматтарды аркалаган.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен санаалаш экени айтылып келген Кимсанов менен Төлөгөн Рахманберди уулу эми анын кысымына даттанып, өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда.

Мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев соңку кырдаалга криминалды бийликке аралаштыруунун "жемиши" катары баалады:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

"Чоң бийликке жетип алган, өзгөчө финансы ресурстарга таянган "кара күчтөрдүн" баары уюмдашып алып, өз адамдарын бийликке алып келүүгө аракет кылууда. Ошто болуп жаткан окуянын түшүндүрмөсү ушул. Мындай окуялар башка жерлерде да болуп келген. Ошто оркоюп көрүнүп калды. Алар өз таасирин арттырууну каалап, каалаган нукка бурганга аракет кылууда. Эгер биздин бийлик кызыкдар болсо, мындай күчтөрдү өз ордуна коюшу керек".

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева бул окуяны келе жаткан шайлоого байланыштырды:

"Криминал Кыргызстанда 30 жылдан бери шайлоолорго катышып келген. Акыркы шайлоодо деле катышпайт деп айта албайм. Алар менен мамлекеттик органдар "ойноп жаткандай". Анткени, бийлик кайсы жерде алсыз болсо, ошол жерге криминал кирип алууда".

Чынында эле быйыл апрель айында Ош шаардык кеңешине шайлоо өткөнү жатат. Анда негизги күч катары бийликчил "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" партиялары катышары айтылууда.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы Матраимовго жакын адамдардан куралганын маалымат каражаттары жазып жүрүшөт. Бирок парламент депутаты Искендер Матраимов буга чейин партияга тиешеси жок экенин билдирген.

Акыркы чыр шайлоого катышууну көздөгөн күчтөрдүн бири-бирине компромат издеп, тирешүүсү катары да айтылууда.

Азырынча бийлик Төлөгөн Рахманберди уулунун Кылыч Саркарбаевди айыптап чыкканы боюнча ачык позициясын билдире элек. Буга чейин Ош облустук милициясы жаңжал териштирилип жатканы тууралуу маалымат тараткан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Оштогу акыркы жаңжал бийликтин криминал менен күрөшүүгө болгон ниетин жана аракетин көрсөтөт:

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

"Криминал аралашкан жерде бийлик чечкиндүү, принциптүү бир гана позицияда туруш керек. Ал "менин криминалым", "сенин криминалың" дебестен жазага тартылышы шарт. Буга чейин саясатка мындай топторду колдонуп келишсе, азыр ачыкка чыгып жатат. Бул окуядан соң бийлик өзүнүн бийлик экенин көрсөтөт же түштүктү криминал бийлеп жатканын моюнга алат".

Ошол эле кезде чырга аралашкан адамдардын криминал менен буга чейин байланышы болсо, укук коргоо органдары эмне себептен өз убагында чара көргөн эмес деген суроо да кабыргасынан коюлууда.

"Азаттыктын" архиви: Бандиттер байырлаган Ош, 12-сентябрь, 2018-жыл

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG